Жашоодо кайнене-келиндин камыр-жумур болуп ынтымактуу жашап кеткен учурлары сейрек кездешет. Бирок кайненеңиз менен болгон мамилени бекемдөө сиздин колуңузда.
— Кайнене менен мамилени сый бойдон сактоонун бирден-бир жакшы жолу — андан бөлөк жашоо. Бирок бир үйдүн жалгыз же кичүү келини болсоңуз өмүр бою кайаненеңиздин көңүлүн алып, көзүн карап өтүүгө туура келет. Биринчи кезекте каалайсызбы жокпу, өз кызыкчылыгыңызды, көз карашыңызды чөнтөгүңүзгө ката туруңуз.
— Конокко камынып жатасыз, ошол учурда кайненеңиз чалып үй иштерине каралашып коюну суранды. Баруудан өзүңүз деле баш тарта албайсыз го, бирок кийинчирээк бараарыңызды туура түшүндүрө билиңиз. Таарынтып албаш үчүн ылайыктуу сөздөрдү из