Кечиккенде кайдан келдиң бул сүйүү?
Бүт акылым бир өзүңө азгырып.
Жалгыз жаркып чыккым келет тоолорго,
Сүйөөмүн деп айткым келип бакырып.
Тоолор уксун, бир бирине жаңырып,
Айтып барсын бүт элиме жаңылык.
Жаш кезимден сезилбеген махабат,
Кирип келди жүрөгүмө жарылып.
Калды окшойт бүт өмүргө жазылып,
Кетпесе экен өз ичинен таарынып.
Канча жылдар өтсө дагы эскирбей,
Турса деймин күндөн күнгө жаңырып...