Бисмиллахир рохмаанир рохиим.
*АЯЛЫҢЫЗГА ДА ТУУРА ЖОЛДУ КӨРГӨЗҮҮ - СИЗДИН МИЛДЕТИҢИЗ*
Сүйүктүү Пайгамбарыбыз (с.а.в.): «Эркекти бай кыла турган, үй-бүлөнү берекелүү кыла турган аял - бул ысырап кылбай турган, кур кыялдарга, ашыкча буюмдарга берилбеген аял», - деп айткан.
Күйөөнүн мүлкүн сактоочу, артыкча ашыкча буюмдарга кызыкпай, «күйөөм балдарымды багып жатат,бизге көңүл бөлүп, кыйынчылыктар менен таап келип жатат, ушуну ысырап кылбай үнөмдөйүн»деген аял үй-бүлөгө береке алып келет. Бирок жеңил ойлуу аялдарыбыз да бар,күйөөсү бир аз жакшыраак тапса, «алтын сөйкө, күмүш алып бер, тон кийемин», -деп, келген насипти коромжу кылууга шашат.
Азыркы күнү күйөөгө чыккан кыздарга берилип