АССАЛАМУ АЛАЙКУМ ВА РОХМАТУЛЛООХИ ВА БАРОКААТУХУ!!!
Бир бай курбандык чалууга арналган кой сатып алууга базарга барып, койлордун арасынан эң жакшысын тандап алып, алынган койду үйүнө жеткирип берүүсүн бир тааншы таксист балага тапшырат. Өзүнүн базарда жумушу көп болгондуктан таксист баланын акысын берип, койду үйүнө алып барып түшүрүп берүүсүн өтүнүп базарга иштерин бүтүргөнгө кирип кетет. Таксист койду алып барып, адресин адаштырып койду жанакы кишинин үйүнө эмес, анын жакын кошнасы жарды жашаган, күйөөсү өтүп кеткен беш балалуу жесир аялдын үйүнө түшүрүп кетип калат. Жесир аял балдары менен сүйүнүп, кайсы бир жакшы пенде бизге жакшылык кылды деп бүт кошналарына айтып сүйүнчүлөп ч