Келинине бир дагы жолу рахмат дебеген кайын эненин каты
Бүгүн мүрзөсүнө барып куран окуттук. Эстеликтеги атын окудум. Каза болгонуна дале ишене албайм. “Чай ичебизби же жокпу” деген сөзүн сагындым. “Таң эрте ойготтуң деп” короз менен урушканын сагындым. Эшиктин алдында жүгөрү чыгарып отураган элесин сагындым.
Көптөн бери бөлмөсүнө кире элекмин. Төшөктөрүн сыртка алып чыгып жайдым. Кийимдерин жууп, үтүктөп ордуна кайра койдум. Кайын эжелерим “бөлмөнү бошотуп, керексиз нерселерди ыргытып койбойсуңбу” дешкен. Колум барбады. Кайын энемди сагында ушул жерге келип китеп окуп жатам. Жыты бар.
Дарылардын аты, врачтар койгон диагноздору жазылган кагаздардын ичинен бир барак таап алдым. Кат экен. Кы