КУРМАН АЙТ майрамы кантип Кыргызстанга кайтып келди... 93-жылы беле айтоор азыркы Себат мектеби мурдагы республикалык мугалимдердин профилактикалык жана билимин өркүндөтүү борборуна жайгашты. СЕБАТтын чоңу Южель Бозкурт деген абдан мыкты инсан эле. Ошол мүдүр Себаттын ашканасына курмандыкка эсепсиз мал жана кой сойдуруп элге айрыкча студенттерге акысыз тараттырды. Аты-ысымы Майрамбек деген мырза жетектеп биз эки үч мугалимдер менен элди акысыз эт алууга үндөп жүрдүк. Курман айт боюнча элде түшүнүк жокко эсе эле. Мен студенттер жатаканаларына кыдыра баштадым. Көпчүлүгү тартынып келбей коюшту. Ошентип алгачкы масштабдуу Айт майрамына түшүнүк берүү жана соопчулук кече мыкты ак тилек менен
КӨҢҮЛҮМ чөгүп кеткенине дары табалбайм. Ыйласам Багдаш урушат,Билал неберем таң калат таятаны ким урду деп. Алай элинен айланайын Ушунчалык мобилдүү эл экен. Датка мүнөз кыздарыбыз Жыргал Бекмурзаева жана Чынара Мамажакыпова Алай элине арнап миллиондон да баалуу каражат жыйнашып ооруканадарга меджардамдарды бере башташканда намыстуу жигиттер демилгени улап кетишти. Кыялымда Келдибеков Акматбекти ,Маматалиев Марлен, Примов Уланбекти АКШ, ТУРЦИЯ,КЫТАЙга президент шайлагым келди. АЛЫСКЫ НУРА айылынын жигиттери айылдаштарын медаппараттар менен камсыз кылышса, гүлчөлүктөр дезинфекциялап көчөлөрдү жарыктандырып ПАРИЖский светофорлорду коюшуп,оорукананын коопсуздугун орнотушту.Согондулуктар со