1.Өзгөнүн катасын айтуу оңой, өзүбүздүн катачылыгыбызды моюнга алуу кыйын.
2.Башкаларды сындаган оңой, өзүбүздү жакшы жакка буруу кыйын.
3.Башкаларды кечирип коюш оңой, ал эми кечирим суроо кыйын.
4.Ойлонбостон сүйлөгөн оңой, тилибизди убагында токтотуп калуу кыйын.
5.Ар күнү кечиндеси кыялга баткан оңой, кыялды иш жүзүнө ашыруу кыйын.
6.Жеңишти көрсөткөн оңой, жеңилгенди көтөрүү кыйын.
7.Чалынып кулаган оңой, андан туруп кетүү кыйын.
8.Өмүр сүргөн оңой, анын чыныгы наркын билүү кыйын.
9.”Жакшыраак болоюн”,-деп ойлонгон оңой, аны ишке ашыруу кыйын.