Күн өтүүдө
Бүгүндүн бүтөөрлүгүн сеземин мен,
Бүйрүлөп түгөлдөсөм -кечээгим кем.
Чыркырап чыдамсыздык баткагында,
Чыланып чөгүп бара жатканымда -
Чыда -деп, сабыр тартат этегимден.
Кактаса күндүн табы алсыратып,
Каарыды кар борошо калтыратып.
Анда да -ушул сабыр камбыл анык,
Аянбай аз болсо да, алдын алып -
Астырттан үмүт сунган жарты кашык.
Карылык коңгуроосу кагылууда,
Кашайып себеп да жок таарынууга.
Кайратты канат кылып тагып алып,
Көңүлүм издеймин деп, жаңы багыт -
Көшөрөт моюн сунбай багынууга.
Кайратым болгон менен тирешүүгө,
Кармашсак мезгил жеңээр күрөшүүдө...
Кай жакта, кай тарапта -билинбеген,
Качандыр...Эртең балким бүгүн деген -
Кадимки камылгалуу күн өтүүдө!
Нурлан.Кимбил
Уялаш
Арзыбаган кыялыма түтөөр миң,
Аттанаарда бутту салчу үзөңгүм.
Өрнөк алып өмүрүмө өзүңдөн,
Өзгөлүктү туюп тунук сезимден -
Өргө карай өрүүлөдүм -түзөлдүм.
Ажыратчу айырмалап бизди ким?
Ак шооласы ийгиликтүү изгинин.
Ойноок кыял ар тарапка бурулса,
Очорулуп же чалынып жыгылса -
Оңдоп-түзөп жолго салчу тизгиним.
Акыл айтып намыс менен ар сунган,
Акылына камтып татым бал сунган.
Бүлүндүрчү кокустукту болтурбас,
Беделимди орто жолдо оодурбас -
Белимдеги басмайылым тартылган.
Айтуучумду ачык-айкын жазам чын,
Ачка болсом ашы даяр казанчым.
Турмушумдун туш тараптуу жолунда,
Ташын иргеп оңу менен солун да -
Туягымды туурултпаган такамсың.
Артта калсам жараланткан жүрөгүн,
Алга чыксам ч