Я раббим кечир мени.
Я раббим кечир мени ката кылсам
Я раббим кечир мени ушак айтсам
Я раббим кечир мени уктап калсам
Я раббим кечир мени ачуулантсам
Я раббим бир өзүңө сыйынайын
Я раббим бир өзүңө багынайын
Я раббим бир өзүңө тооба кылып,
Я раббим бир өзүңө сажда кылам.
Я раббим ушул күндү жарык кылгын
Я раббим ушул күндү узак кылгын
Я раббим ушул түндөн аман-эсен
Я раббим таң атканын насип кылгын.
Я раббим ыйман бергин баарыбызга
Я раббим сабыр бергин баарыбызга
Я раббим нысаф бергин баарыбызга
Я раббим ынтымак бер баарыбызга
Я раббим жакшы амалым өзүң үчүн
Я раббим жакшы сөзүм өзүң үчүн
Я раббим жакшылыгым өзүң үчүн
Я раббим ар бир күнүм өзүң үчүн.
БИР ТУУГАНЫМ
Бир тууганым, жанга кубат медерим,
Ата энемден калган ыйык белегим.
Караанынан мин айланып кетсем дейм,
Туу которуп бир туугандык желегин..
Бир тууганым, кээде ыйлап таарынып,
Жургон менен журок журот сагынып.
Тоскоолдука башын ийбей журоктор,
Энсеп издейт бир мээримге багынып..
Бир тууганым, жолоп таяр, акылым ,
Эркелетер, нурун чачкан жаркыным.
Сени менен, дуйном тугол жыпжылуу,
Сагынаарым, мээрим берген жакыным.
Бир королу аппак тандын атаарын.
Жолдо журсон, байсал болсун сапарын..
Бактылуулук нурун чачып уйуно..
Ар жылына кобойсо экен катарын.
УКТААРДА ОКУЛУУЧУ ДУБА:
Уктаарда томонку дубаны окуган жакшы:
"Аллоохумма бисмика амууту ва ахя".
Мааниси: "Аллахым, Сенин ысмын менен олуп жана Сенин ысмын менен тирилемин".
ОЙГОНГОНДО ОКУЛУУЧУ ДУБА:
Эртен менен ойгонгондо томонку дубаны окуу керек:
Алхамду лиллахил - лазии ахяяна баъда ма амаатанаа ва илайхил баъсу ван - нушуур.
Мааниси : "Олтургондон кийин бизди тирилткен Аллахка мактоолор болсун.