Көпчүлүктүн көңүлүнө адал мээнет,ак эмгеги менен жаккан,эл-жер үчүн күйүп,талыкпай иштеп калк арасынан кадыр-барк тапкан Мирзахмедов Нурболот Сабыржановичти Көк-Жаңгак Шаарынын элинин атынан жаңы кызмат орду менен куттуктайбыз!Иштерине ийгилик каалайбыз!
Жаңырган жылда жакшы ниеттер менен Көк-Жаңгак Шаарынын камчыга сап эр азаматтары кайрадан жыйын өткөрүштү.Бул жердештер аралык ынтымак-биримдикке багытталган жыйынга 2017-жылы кабыл алынган иш-чаралардын отчётун шаарыбыздын жетекчилери даярдап барышты.Сыймыктанып айта кетчүү нерсе,өткөн жылкы курултайда 21 иш-чара кабыл алынса,андан сырткары 25тей иш-чара аткарылды.Бул да болсо элибиздин келечеги кең ,ынтымагы бекем,ырыскысы мол экенинен кабар берип турат.Ынтымак болсо элинде,ырыскы жайнаар жеринде деген ураан менен 2018-жылга да,шаар тургундары үчүн пайдалуу бир топ иштерди жигиттер оз моюндарына алышты.Буйруса шаарыбыз Кыргызстандагы эң алдыңкы шаарлардан болот деген үмүтүбүз зор.Өнүгү