Бир периште бир топ жыл чогуу жашаган жубайларга: - Силер 30 жыл бою урушпай-талашпай таттуу өмүр сүрдүңөр! Ошол үчүн бир-бирден эң мыкты деген кыялдарыңарды орундаймын,- дептир. Анда аялы: - Менин кыялым сүйгөн жарым менен саякат жасап, бүткүл дүйнөнү көрүү!- дейт экен. "Кыялың орундалды" дейт периште. Ошол кезде аялдын колунда эки билет пайда болот. Аялынын сөзүн 50 жаштагы күйөөсү бөлөт: - Токто, токто! Саякат деген жакшы го, бирок, мындай мүмкүндүк күндө бериле бербейт! Кечир, сүйүктүүм, бирок, менин кыялым башка, мен өзүмдөн 30 жаш кичүү аялым болсо деп кыялданам!- дептир. "Кыялың орундалды" деп периште, күйөөсүн 80 жаштагы чалга айландырып жибериптир. Так что, эркектер, кээде байкап-ба