Эмне үчүн Аллах Таала дүйнөнү сууга окшоштурган?
Аллах Таала айтты : (Оо, Мухаммад,) аларга дүйнө жашоосунун мисалын Биз асмандан түшүргөн сууга окшоштур: Ал суу менен жер өсүмдүктөрү оролошуп кулпуруп, (жер бети гүл болуп) калды. (Арадан эч канча убакыт өтпөй эле, баары кургап) шамал учурган, куурап сынган шыпырындыга айланды. Аллаh ар нерсеге Кудуреттүү!
(Кахф сүрөөсү 45- аят)
Куртубий رحمه الله бул аяттын тафсирин айтып, көп пайдаларды эскерген:
Аалымдар айтып келишкен : Улук Аллах Таала сууну бул дүйнөгө окшоштурган.
1. Себеби суу бир орунга турбайт, ошондой эле дүйнө дагы бир абалда калбайт.
2. Суу агып кетет бир жерге калбайт, ошондой эле бул дүйнө дагы бүтөт сакт
"МУСУЛМАНДЫН
КУЛК-МҮНӨЗҮ"
Кулк-мүнөз – бул адамдын ички жан дүйнөсүнүн абалы. Адамдын сооптуу же күнөө иштерди жасоосу, анын ички дүйнөсүнө көбүрөөк байланыштуу болот.Кулк-мүнөз нафстын туруктуу абалы. Адам андан кандайдыр бир ойго муктажсыз эле жакшы же жаман иштерди жасайт
ЖАКШЫНЫ КӨРӨ БИЛ
Көз жакшы нерсени көрсө, ооздон жакшы сөз чыгат. Эгер ооздон жакшы сөз чыкса, кулак жагымдуу сөз угат. Эгер кулак жылуу сөз укса, акыл жакшы нерселерди ойлонот. Эгер жакшы ойлонсо, жүрөк тазаланат. Жүрөк оңолсо бүт дене оңолот. Эгер дене оңолсо, ошол денеден жакшы амалдар чыгат. Жакшы амалдардан Жараткан Алла ыраазы болот.
Окулуп бүтө элек чыгарма сыяктуусуң сен. Окуган сайын,тааныган сайын кызыгуум арта берет сага... Кандайдыр бир жылуулук бардай, кандайдыр бир күч ансайын өзүңө карай тарта берет.... Анан да жалгыз гана менин чыгармам болсоң э? Башкалардын колу тийбеген,эч ким билбеген... Сени жалгыз мен билсем,мен окусам...