https://youtu.be/144_ra3JhOQ
Он гүлүнүн бири ачыла элек Мадинанын жанын тажиктер тараптан жааган миномёттун огу алып кете берди. Эң өкүнүчтүүсү – ал апасынын көз алдында каза тапты.
Бир кызын жоготуп, бир кызын кучактап, ооруканада жаткан Нарбүү Хамдамованын абалынын канчалык оор экени айтпасак да белгилүү. Биз Баткен окуясынын күбөсү, оор үшкүрүнгөн Нарбүү Хамдамова менен анын дагы бир кызы Нурдиананын абалын сурап, болуп өткөн окуя тууралуу өз оозунан уктук.