Билесиңби... экөөбүздө айырма,
Мен оттоймун,а сен суудай мелтиреп.
Унчукпаган,ичке каткан мүнөзүң,
Мендей жанды тумчуктуруп өлтүрөт.
Экөөбүздө эки башка кулк-муноз,
Катылганын сен да жакшы билесиң.
Алоолонгон от мүнөзгө түшүнүп,
Чогуу жашап ,өмүр сүрүп келесиң.
А мен сенин,оор мүнөзүң көтөрүп,
Экөөбүз тең алга карай барабыз.
Эки кыял мүнөзүбүз жуурулуп,
Келечекке чыйыр жолду салабыз.