Сүт куюлган чыны эненин колунан түшүп кетип, сынды. Бала энесине катуу кыйкырып, ачууланып бөлмөдөн чыгып кетти.
Эне кыскача кат жазды. Бала көчөдөн кайтып келгенде, апасы адаттагыдай отургучта олтуруп уктап жаткан, кат анын көкүрөгүндө турган эле. Бала акырындык менен катты алып, окуп баштады:
“Уулум, бактым, сүйүктүүм, көздөрүмдүн кубанычы! Аттиң, мен карып калдым. Колдорум калтырап, тамак кийимиме төгүлүп калып жатат. Эми мен мурункудай чарчабаган, сулуу, жыпар жыттуу эмесмин. Суранам, мени күнөөлөбө. Кийимим менен бут кийимимди өзүм кийе албай жатам. Суранам мага жардамдашкын. Буттарым да басканга кыйналып жатат. Даарат алуу үчүн сууга барганымда, колдорумдан кармап алгын. Сен басканг