ӨТҮГҮМ БУТУМУ КЫСАТ
Качандыр бир кездерде бир падышанын караса көз тойбогон өтө сулуу аялы болот. Бирок, кулк-мүнөзү өтө начар эле. Ортолорунда уруш-жаңжал көп болот эле. Акыры чыдабай калган падыша бир күнү ажырашмакчы болот. Аны уккан вазирлери падышага жумшартуу(оюнан кайтуусу) үчүн:
-Жубайыңыз өтө сулуу жан, мындай сулуу аялды эч жерден таппайсыз!- деп мактап башташат.
Падыша үн-сөзсүз тыңшап олтуруп бир кезде:
-Өтүгүм кандай экен, жактыбы?- деп сурайт.
-Өтө сонун!
-Кымбат булгаарыдан жасалган. Падышалыктын эң таанымал өтүкчүсү атайы мен үчүн жасап берген. Ошондуктан меникиндей өтүк эч бир жерден табылбайт.
-Ооба, ооба. Айтканыңыздай экен, өтө сонун өтүк экенин моюнга алабыз. Хмм.