Ар бир күнүм үйдөгүлөрдөн кабар алуу менен башталат. Адаттагыдай эле бардыгынын саламаттыгын сурап, эмне иш менен алектерине чейин баарлашмай. Жакында турмушка чыккан сиңдиме көптөн бери сүйлөшө элек элем. Телефон чалаарым менен алоо деп салкын жооп берди, күндөгүдөй шаңдуу үнү жок.
--Кандайсың? Эмне болду? Үнүң ызалуудай...
---Ээк тетиги да ...тетиги бул жолдошу
--- Тетигиң эмне кылды?
--- Эжеке, мен балабызды журналистикага окутуп, мыкты журналист болот десем, ал болсо адвокат болот дейт жинге тийип.
-- Балаңар окуганга жарап калдыбы? Кайсы балаңарды окута албай талашып жатасыңар? Үйлөнгөнүңөргө төрт ай болдуго?????
Сиңдим булкулдаган үнүнөн кайтпай
---Анан да мен чет өлкөдөн окуп, б