АТАКЕМДИ САГЫНДЫМ......
Бугун сизди жоктоп алып ыйладым,
Кусалыктан журок сыздап кыйналдым.
"АТА"деген созду угуп калганда,
Буулуккандан келе берет ыйлагым.
Атакебай,калдык сизди сагынып,
Тагдырымдын буйругуна багынып.
Жуурканыныз турат уйдо жыйылып,
Жатып калдыныз боз топурак жамынып.
Чапаныныз турат тордо илинип,
Барчу элениз жакшылыкка кийинип.
Жуудурбастан сактап койдук аздектеп,
Бизге тааныш жытыныз калган синирип.
Жайнамаз,теспе турат,озунуз жок,
Акыл айтып,насаат берчу созунуз жок.
Топурашып барып калсак алдынызга,
Кубанычтан кулуп турчу козунуз жок.
Ээнсиреп ,ордунуз жок,сиздин уйдо
Сагынычым кучоп барат кунуго
Коруп сизди кусалыгым таркасын,
Кез-кездерде кирип турунчу тушумо.