Азан айтылып бүткөндөн кийин сөзсүз дуба кыл, анткени ошол убакта дуба сөзсүз кабыл болот...
Намаз окуп жаткан кезде күнөөлөрүң кайда койулаарын билесиңби?. Пайгамбарыбыз (соллаллоху алайхи васаллам) айткан: "Пенде намаз окуп жаткан кезде бардык күнөөлөрү башына жана эки ийинине койулат, рүкү жана сажда кылган сайын күнөөлөрү төгүлө берет".
Алладан корккон такыба аялдардын бири көз жумгандан кийин анын кабырын зыярат кылганы барган жакындары кабырдан гүлдүн жыты чыгып жатканын айтышат. Анын себебин күйөөсүнөн сурашканда минтип жооп берет: “Жубайым уктаардан мурда дайыма: "Мүлк" сүрөсүн окуп анан уктайт эле”. Кабырыңдын нурлуу, кенен жана жарык болуусун кааласаң “Мүлк” сүрөсүн окуп жатууну ө