Акындар.
Аралап түндүн койунун.
Ыр жазат жаштар аздектеп.
Бул талант экен өчпөгөн.
Асыроо керек бапестеп.
Акындар жазган сап ырдан.
Махабат, сүйүү шаң курган.
Талкуулап кезде тагдырды.
Жашоого өткөн кайгырган.
Шыктанып турат ар качан.
Шырылдап ыры булактай.
Сөздөрүндө айбат бар.
Жипсиз салган тузактай.
Аңтарып аалам кыдырган.
Түркүн ойду сыдырган.
Жашоодо ойчул мугалим.
Акындар болот окурман.
Автор Нурмат Осмонакунов.
Ким билет.
Ким билет кездешпесек ошол кезде.
Баркы жок болот беле бакыт бизге.
Баа берип калыс болду сезимибиз.
Болгону ээ болбодук энчибизге.
Ким билет азыр болсо кандай болмок.
Жүрмөкпүз күн кечирип баарын ойлоп.
Жүрөктөр сүйлөшө албай жабыркамак.
Жүдөтүп жүгүн артып тагдыр ойноп.
Ким билет жолугушчу жолдор болсо.
Таңдоодо бирибизден баш тартмакпыз.
Анткени кыйбай жүргөм мен өзүңдү.
Сен мени сүйбөй эле сыйлагансың.
Автор Нурмат Осмонакунов.
Жашоонун бул күндөрү.
Мезгилдин сынындамын.
Башкадай болбосом да.
Күрөштүм жыгылбадым.
А бирок мезгил кыйын.
Канчасын сыныңа алдың.
Тагдырдын ийри жолун.
Уладым сапар алдым.
Закымдап өткөн күндөн.
Чындыкты таба албадым.
Чыркырап чындык жүрөөр.
Ааламды таба албадым.
Түн катып көп сырыңды.
Түйшөлтүп түндөр өтөөр.
Кубантып кучак жайып.
Нур тийип күндөр өтөөр.
Ар күнүң ар башкача.
Окшошпос түрдө өтөөр.
Күн санап ай жаңырып.
Артынан айлар өтөөр.
Жашылдан кымкап кийип.
Бир далай жайлар өтөөр.
Тарыхтын жок жерине.
Ысымын байлап өтөөр.
Автор Нурмат Осмонакунов.
ДОСТОРУМ АМАН БОЛСУН КҮЛҮП ТУРГАН.
Изденген акылдан көп ойлор арбын.
Мезгилдер сызып учкан жолдо бармын.
Кудайым кошуп берген бирге бол деп.
Досторум мен силерге карыздармын.
Бул жашоо доосун доолап күндөрдү алды.
Ай чыгып кайталанып түндөрдү алды.
Жыл өтүп коом өзгөрсө жаңыланып.
Өзгөрбөй достук сезим орноп калды.
Балалык күндө бирге оюн курган.
Талаада ошол достор күтүп турган.
Жуурулуп ошол байоо сезим менен.
Досторум аман болсун күлүп турган.
Нурмат Осмонакунов.
КАЙРАН ЖАШОО.
Жар салып элди бутун кыдырышып.
Барбаган жерди койбой сыдырышып.
Сыдырым желге окшоп келди мына.
Костюм шым кийип алып чыкыйышып.
Суйлогон созу баары орду менен.
Кааласан баардык жайдан орун берген.
Капысынан жоомарт айкол боло калган.
Айткылачы артисттер кайдан келген.
Ойлодубу жашоосун мигранттардын.
Алыста мусаапырга айланганын.
Кээ бири карай албай каражанын.
Тажике же озбекке байланганын.
Сезээр бекен элим дагы алданаарын.
Артка кетип откон кундор кайталаарын.
Орт каптаган тунгуюктан чыга албай.
Жашоонун муз жолунда тайгалаарын.
Борк ал десе баш алган эрендерим.
Беш колду тен бир салып жегендерим.
Акыретин канчалык болоор экен.
Алкымынды чон ачтын кенен дедин.
Арман
БААРЫН ЧЕЧТИМ!
Баарын чечтим.
Омурум бул жалганда баары беш кун.
Сагынып бир озунду жаным дедим.
Сокку уруп сезимиме озун кеттин.
Баарын чечтим.
Билесин сага болгон сезим очту.
Жандуйном жалгызсырап алсыз ондуу.
Кундорум сага арнаган баары кетти.
Мен байланам жаным сага.
Сен деп жургон кундорум калды артта.
Бир озуно байланамын.
Жолугамын тек гана кыялымда.
Баарын чечтим.
Эми откон кундорумо окунбоймун.
Сен дагы бир кылчайып оксубойсун.
Сагынба айлуу кечтерди.
Баарын чечтим.
Тагдырым татаал экен эми сездим.
Кош айтып учурдумбу бакыт кушун.
Калтырдым сага суйуумду.
Автор.
Нурмат Жакшылыков.11. 08. 2017.