Суроо: Ширк деген эмне? Жылдыз төлгөсүн (гороскоп) окуу ширк болобу?!
Жооп: Ширк – Аллахка шерик кошуу. Бул Аллахка ыйман келтирүүгө жарашып-сыйбаган иш. «Лаа илааха илляллах» келмесин жок кылат. Ширк – бул жаратууда, бийликте, сүйүүдө, коркууда, үмүт кылууда болобу Аллахка бирөөнү теңөө. Же Аллахка гана арналчу ишти жаратылгандарга арноо. Ширк – эң чоң күнөө жана Акырет Күнү ширк кылгандар кечирилбейт, кылган ибадаттары өчөт, Тозокко кирет.
Аллах Таала куранда айтты:
«Акыйкатта, Аллах - өзүнө шерик кошкондорду кечирбейт, бирок андан башка күнөөлөрдү эгер кимди (кечирүүнү) кааласа кечирет. Ким Аллахка шерик кошсо, ал зор күнөөнү ойлоп тапканы» (Ниса 4:48).
Аллах Куранда айтты:
"Айткын