Турбаган соң дап-даяр колдо баары,
Туура беш күн, беш түнүм жолдо калды.
Арып-азып шаарга да жеткен экем,
Андан дагы калганы эсте бекем.
Жуунуп шаардын аппак ваннасына,
Жуулуп балалыгым кеткен экен.
Ванна, унитаз, күзгү, мен карап ага.
Карап ага заматта таппай калдым,
Кайда калды баёо бир кара бала.
Балалыкты Ак Жарда баткак кеччү,
Баарын жууп салган го аппак тепши,
Атаңгөрүү, шаар дегениң шаар экен да,
Шаардын чоңу болбойт эй, тар экен да.
Түк бир-бирин тааныбас адамдарга,
Түртүшкүлө деп салган жай экен да.
Салам айтсаң улууга "ким элең?" дейт,
Сакалдуусу деле бир жан экен да.
Эки волга айдаган шаардыгыңдан,
Эшек минген айылдык бай экен да.
Шаар дегениң, оо көрсө шаар экен да,
Шаардык д