Сыр катылган жалгыз там. 4-бөлүм.
- Эртең сенин апаңа барып айтам да, анан
тиги коңшу айылды тинтем.
- Ошент, бала менен мен да кыйналып
калам, алар келсе мага жардам берип
баланы карашат эле.
Ошентип аман-эсен көз жарып уулун кайра-
кайра карап, жыттаган эки жаш ал түнү
көпкө ойгоо жатышты.
Эртеси таң заардан турган Атабек чай
кайнатып Айымгүлгө берип, уктап жаткан
наристени карап ууртунан жыттап-жыттап
алды да:
- Жаным, эми эптеп уулуң экөөң жата
бергиле, мен апам менен Үмөтаалыны
жөнөтүп койуп, атам менен апамды издеп
таап алып келем, - деди да Айымгүлдү
эки бетинен өөп койуп сыртка чыкты.
Атабек келгенде Ажар Жандардын сөөгүн
кучактай боздоп ыйлап отурган болчу.
Атабек эмне дээрин билбе