ЖҮРӨКТӨРДҮН АРАЛЫГЫ
Бир күнү мугалим сабакта студенттерден сурап калды:
– Кана балдар, айткылачы, эмне үчүн адамдар урушканда бири-бирине кыйкыра башташат?
– Себеби, алар эмоцияга алдырып коюшат, – деди бирөө.
– Бирок, экинчи адам алыста эмес,жанында эле отурса деле эмне үчүн кыйкыра беришет? Жай эле сүйлөшсө болбойбу?
– Ачуусу келген үчүн кыйкыра баштайт, – деди дагы бирөөсү. Ошентип, ар кимиси ар кандай жооп айтып жатты. Акыры, алардын ичинен унчукпай турган бир студент колун көтөрүп мындай деп жооп берди:
– Адамдар нааразы болгондо, алардын жүрөгү бири-биринен алыстай баштайт. Канчалык бири-бирине жини келген сайын алардын жүрөктөрү ошончолук алыстайт да, ал аралыкты жоюу үчүн алардын кы