Сен ойлойсун...
Сен ойлойсун мени такыр сүйбөйт деп,
Сен ойлойсун мага такыр күйбөйт деп.
А мен сен деп жашап келем дайыма,
Жүрөгүмө жазылганым жалгыз деп.
О арманым арман кылсам өзгөрбөс,
Сен меники, мен сеники болбойт эч.
Балким мурун жашообузда бир болуп,
Жашап өткөн күндөр бардыр бир элес.
Мен сүйүүмдү жашырсам да баарынан,
Билдирбестен жашасам да түңүлбөс,
Айтып турат жанып турган көздөрүм,
Сезип турат закымдаган жүрөгүм.
Келчи жаным алыстардан сен мага,
Сагынганың, саргайганың сездирип.
Сүйүп калдым бир өзүңдү кантейин...
Сүйүп калдың бир өзүмдү кантесин!
Мезгил учат...
Мезгил учар, өтүп кетер баарысы.
Мурункудай эмес эми жаңысы.
Ооба кийим, кийсең дагы эскирер.
Эстен кетер жарты жүрөк дарысы..
Бир өзүңсүн унутпаган жүрөксүн.
Айтпай келген, бир сен мага керексин.
Бир мезгилде эстен чыккыс көз ирмем.
Дале турат сезимимди козгойсун.
Кайда болбо, аман-эсен болгунуң.
Мен кетсем да жүрөк сенден эч кетпейт.
Сени мага алып келчү жолдорум.
Бул дүйнөдө тугөнбөйт да, эскирбейт.
Өзүң издеп дайым менден кабарлап,
Турганың да мага болот жетишет.
Эмне мынча ортобузда кызыгуу.
Өчпөй келет, махабатым түбөлүк.
Сага деген сезимдерим сакталат,
Узак, узак кылымдарга катталат.