ДЕН СООЛУК БИЗГЕ АМАНАТ.
Ден соолук, бизге болгон аманат,
Ден соолука, кылбайлычы кыянат.
Дармандуу болуп,көп жашайлы дүйнөдө,
Даарыларга, муктаж болбой төрүңдө.
Баш оору, деген жаман экен баарынан,
Башына келген,жандар билет абыдан.
Безелеп эзип, жүрөгүңдү бооруңду,
Байкатпай,жүрүп жеп бүтөр көңүлдү.
Башкаларга, каалабаймын ооруну,
Түшпөсө экен,докторлордун колуна.
Түбү жаман, этият болгун дабаадан,
Түпкүрүнө, тартып кетер жарадан.
Аман жүрсөң,ойноп күлүп оорубастан,
Айласыз, чарага өзүңдү таштабастан.
Амандык, тилеп турам эл журтума,
Айылыма,тууганыма, жакындарга.
Автор:Темирбаева Д.