Кыргыздар жатканга эле кыйын келет экенбиз.. мисалы, жаталыбы, тамагың быштыбы эртерээк ичип жаталы, көчөдөн бирөө жолугуп калса деле, атаң апаңдар жакшы жатышабы, анын атасы менен апасы кантип жатканы менен эмне ишибиз бар дейим да. Тигине Эшмат келе жатат, уйлар жатат, койлор жатат, кандай жатасыңар анан, машине тыгылып жатат, личкадан жазып жатат, шакмар эмне деп эле пост жазып жатат. Үйгө конок келе жатат, ким эмне кылып жатат, Асен үйүндө эле жатат, жумушу жок жатат, экөөтең жатат, жамбаштап жатат, чалкалап жатат, жүр кемпирим жаталы. Койчу эми, айтып отурса жататы жок сөз деле жок экен. Кандай жатасыңар анан? Силер жазып тургула, мен чарчадым жатам. Жаткысы келгендер болсо жазгыла.