Кызганчаагын.
Мен сенин болоюн кызганчаагын,
Булуттай ыйлап турган таарынчаагын .
Мага болгон сүйүүңдү даназалап,
Бут ааламга жар салган мактанчаагын.
Мен сенин болоюн эрке жарын,
Мени гана суй деген жалгыз айын.
Жаным деп сүйүп турсаң ар күн сайын,
Жаркылдап тосуп алам сени жаным.
Мен сенин болоюн жыттуу гүлүн,
Сүйүүго толуп турсун куттуу үйүн.
Балдарыбыз бапырап жаныбызда,
Бололу бай-байбиче карылыкта.
02.06.2024.
Аймира Акматжановна.
Түбөлүккө жашай берчи жүрөктө.
Жазда келди, сен эмнеге келбедиң.?
Жалгыз койдуң, сүйгөнүмдү билбедиң.
Сени күтүп, ызааланып ыйладым.
Бирок аны сен эмнеге сезбедиң?
Карлар кетип, музда ээрип кеттиби?
Жылуу жактан куштар учуп келдиби?
Сени күтүп зарыгып мен жүдөдүм
Деңиз бойлоп ырлар жазып жүрөмүн.
Байчечекей гүл ачса да көктөмдө.
Ишенбеймин сүйүү күнү өчкөнгө.
Келбесең да күтө берем ар дайым.
Түбөлүккө жашай берчи жүрөктө.
Аймира Акматжановна
21.03.2023.