Аңгеме.
Жаркын шаардан окууну бүтүп, кыргыз тили жана адабиятынан мугалим кесибин алып, иштөөгө келгенде бир чоочун айылга бөлүндү эле, башкалардай айылын алмаштыруу үчүн кайра кирип суранууну туура көрбөй тагдыр ташы туура келген айылга кете берди. Жаш мугалимдер айылга жетишпегени түшүнүктүү эмеспи. Жаштар айылдан качып жатканда Жаркындын айылга, болгондо да чоочун айылга келиши көпчүлүк айылдыктарды түркүн түшүнүксүз ойлорго салган.
Бара-бара өз ишин мыкты билген, жаш мугалим бат эле айылдыктардын сый-урматына татыгыдай абалга жетти. Өзгөчө Жаркынга бөлүнүп берилген 11-класс үчүн жаңы эжейинин келгени жаш өспүрүмдөрдүн жашоосуна өзгөчө бир жаңылык, өзгөчө бир жандуулук тартуулап, алар ү
КОРПОРАТИВКЕ БАРАСЫЗБЫ?
Жаңы жыл жакындаган сайын, былтыркы жылкы "корпоратив" эсиме түшө берет. Дал 31-декабрь күнү коллектив болуп жыйналдык. Мурда кийин "корпоратив" дегенге ким барып көрдү дейсиң, чынында сонун болот экен. Жумуштагы кыз-келинчектер күйөөлөрүн ээрчитпей, өздөрү гана келишиптир. Тартип ошондой көрүнөт. Мен да "бойдок" болуп баргамын. Ошо менен жаңы жылды укмуш кылып тостук. Баарынан кызыгы, мен карышкыр болуп, директордун жардамчысы шыпылдаган Сулуубийке коён болуп кийинип, экөөбүз куушуп ойноп жүрүп, элден бөлүнүп кетиппиз... Кийин бирок бул кылыгым үчүн директорубуздан катуу сөгүш алдым...
Жарайт, анын баары өз алдынча. «Корпоративтен» соң үй-үйүбүзгө тарамакчы болуп с
Бурулкан Карагулова:
Турсий
Бүгүнкү күндөгү эң актуалдуу темага аңгеме.
Ушу сөздүн кандай жазылышын билбей койдум. Труса, трусий, турсий, турси же трусик… кандай айтса деле түшүнүктүү боло берет, айтор шымдын ичинен кийген кыска ыштандын окуясын жазайын дегем. Аны мага Зарина айтып берип атат:
— Арыраакта жашаган бир келиндин күйөөсү үйүндө жатып эле өлүп калды. Ыраса боорубуз ооруду. Келин иймейгенден иймейген, бөлбүрөгөн неме эле, ого бетер болбой калды шайы кетип. Эшигине жакын жерден күндө өтөбүз, себеби, жолубуз ушундай. Эшик алдындагы тартылган зымда кийинчерээк бир эркек турсий илинип туруп калчу болду. Аның эмнең деп сурагандарга, эри бар экен деп ойлошсун, ар ким эле жыртактап ке
Алдын ала эч ким билбейт кандай күндү көрөөрүн
Азбы көппү жаратканым, канча өмүр берээрин
Кайсыл күнү ажал келип колдон
алып кетээрин
Ким алпарып, кайсы гөргө кандай кылып көмөөрүн """""""""""""""""""""""""""""""""""""""""""""""""""""""""" Ошондуктан кел замандаш, оорутпайлы көңүлдү
Баасын билип, аз болсо да барктайлычы өмүрдү
Аким болуп, бай болсоң да ачып жүрчү көзүңдү
Кагып силкпей бечараны, кармай билчи өзүңдү
Бүгүн бир классташым бир классташыма кыз берип экөө бир бирине куда болду. Ошонун арты менен классташ достор тойго чакырылып жолуккан элек. Биз кошулганда белгилүү эле, өткөн-кеткенди эстеп кеп кылабыз ар дайым. Кыскасы, бул окуя менин досум Молдобев тууралуу болмокчу.
Кайсы класста экени эсимде жок, ал кезде төшүбүзгө «Володянын значогун» тагып жүрчүбүз. Ал кичинекей беш жылдыздуу болчу. Ичинде чачы желбиреген тармал чачтуу бала отурар эле. Көкүрөгүңдө ошол беш жылдыз болсо, «Октябрист« деп аталачу. Айтор сөздү узартпай ошол бала кезге кайтып барып кепти баштасак.
Ошол кездеги досум бир күнү бирөө менен күрөшө кетип, шымынын топчуларын үзүп алыптыр. Эми эмне кылам деп ыйлап, о