ЖЕТИМ КЫЗДЫН БАЙЛЫГЫ 1-БОЛҮМ. Таң жаңы атып бүгүнкү күндүн башталышынан белги берген кезде, Жапар молдонун азан чакырган үнү угулду. Ажар азан үнүн укканда жылуу төшөктөн туруп, сыртка чыгып келип жүзүн чайып, короодогу уйду сааганы чаканы көтөрүп басты. Он алтыга жаңы чыккан Ажар жумуш жасаганга чыйрак, жүүнү тирүү, барган жерине барктуу болчудай, өзүнө тың жана сүйкүмдүү. Чекесиндеги сепкили эле болбосо көзгө толумдуу, аты эле айтып тургандай ажарлуу кыз. Мектепте дагы жакшы баада окуп, өз деңгээлинде баркы бар. Кушту мүнүшкөр, атты саяпкер тапка келтирсе, баланы ата, кызды эне тарбиялайт эмеспи. Анын сыңары Ажар атасы менен энесинен 5-класста ажырап, таенеси Сыйда эненин колунда өстү. Өз