КР УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча Башкы башкармалыгы тарабынан жүргүзүлгөн Эл аралык террористтик уюмдарга каршы күрөшүү боюнча ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, 2023-жылдын 17-апрелинде Өзбекстан Республикасынын аймагында издөөдө жүргөн, “Тавхид ва жихад катибаси” террордук уюмунун Стамбулдагы ячейкасына тиешеси бар Өзбекстан Республикасынын жарандары М.З. жана М.Ф. кармалды.
Аталган жарандар башка кооптуу өлкөлөргө чыгып кетүү үчүн жасалма документтерди алуу максатында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өтүшкөн. Бул факты боюнча Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгынын тергөө бөлүмү тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 378-беренеси («Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз өтүү») боюнча кылмыш жасагандыгы үчүн Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, М.З. Ош ШИИБнын убактылуу кармоочу жайына жайгаштырылды.
Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.
-------------------------------------
ГКНБ: Задержаны иностранные граждане причастные к Стамбульской ячейке террористической организации «Тавхид ва жихад катибаси»
ГУ ГКНБ КР по г.Ош и Ошской области в ходе проведенных оперативно-розыскных мероприятий по противодействию МТО, 17.04.2023 года задержаны граждане РУ «М.З.» и «М.Ф.» причастные к Стамбульской ячейке террористической организации «Тавхид ва жихад катибаси» находящиеся в розыске на территории РУ.
Указанные граждане незаконно пересекли госграницу КР, с целью приобретения поддельных документов гр. КР и дальнейшего выезда в страны риска. По данному факту, следственным отделом ГУ по г.Ош и Ошской области зарегистрирован ЕРП за совершение преступления предусмотренного ст. 378 («Незаконное пересечение государственной границы КР»), «М.З.» водворен в ИВС УВД г.Ош.
В настоящее время проводятся следственно-оперативные мероприятия.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев