Биздин максат
“Мыйзам Нуру” коррупцияга каршы коомдук көмөктөшүү” коомдук бирикмеси 18 жаштан жогору баардык жаш курактагы коррупцияга каршы күрөшүүгө эрки бар мекендештерди мүчө болууга чакырат.
Уюмдун максаты жарандык активистердин башын кошуп, адам укугунун бузулушуна жол бербей, мамлекеттик кызматкерлердин жоопкерчилигин арттыруу.
Бизге мүчө болууну каалагандардын улуту, дини, тили, билими, юридикалык тажрыйбасы мааниге ээ эмес.
Биздин катарда тажрыйбалуу юристер, жактоочулар, ар кандай тармактын окутуучулары бар. Бирден бир башкы максатыбыз карапайым элибиздин укуктук сабаттуулугун көтөрүү, башкача айтканда, ар дайым, ар кандай темадагы укуктук сабактар, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп турат.
Ар бир жекшемби күндөрү юристер жактоочулар тарабынан кабыл алуулар уюштурулуп, баардык суроолор боюнча акысыз юридикалык кеңештер берилет.
Активдүү мекендештерибизди өлкөбүздүн баардык аймактарынан областык, райондук, айылдык координаторлук кызматтарга дайындайбыз.
Социалдык тармактагы баракчаларыбызга кандайдыр бир көйгөйлөрдү адвокаттык жана журналистик иликтөөлөрдүн жыйынтыгында чагылдырабыз.
Баардык мамлекеттик органдардын, сот, прокуратура, милиция системаларынын ишмердүүлүгүн мониторинг кылганга эрки күчтүү жарандарыбыз керек.
Республика боюнча жогорку окуу жайларындагы гүлдөп жаткан коррупциянын тамырын кыйганга активист студенттерди кабыл алабыз.
“Тиешелүү билимим жок болсо, коррупция менен кантип күрөшөм” деген ойдон алыс болунуз, себеби, кантип күрөшүүнү биз үйрөтөбүз!
Бизге мүчө болууну каалаган мамлекеттик кызматкерлерге эшигибиз ачык, алардын өздүгүн сыр боюнча калтырууга кепилдик берилет.
Өлкөбүздүн аймагындагы коррупция менен күрөшүп жаткан мамлекеттик органдарга жарандык позициябызды ачык билдирип жардам берели.
Мекенибизге акыйкаттыкты, чындыкты орнотуу баарыбыздын милдетибиз.
Коомдук бирикмебиздин атын бейиштин төрүндөй жерибизге акыйкаттык, чындык үчүн жазылган мыйзамдарыбыз күндүн нурундай тегиз тийип, чыркырап тебеленген чындыкка жаркыраган жашоо берсин деген аруу тилек менен “Мыйзам Нуру” деп атадык.
Билебиз, тамырын жайып, салтка айланган коррупция менен күрөшүү оңой иш эмес. Биздин ишмердүүлүк коррупционерлерге жакпайт. Алар бизге катуу согуш ачышат, жалган жерден каралашат, куугунтукташат. Бирок биз өлкөбүздүн тынчтыгы, балдарыбыздын кең келечеги, куу турмуштун айынан жакындарын, эли жерин таштап сыртта жүргөн бир туугандарыбыздын өнүккөн, чындык жана мыйзамдуулук туу болуп желбиреген Кыргызстаныбызга кайтып келиши үчүн өмүрүбүздү, тагдырыбызды тобокелге салып, бел байладык!
Биздин ураан: “Өзүңө эле эмес өзгөгө да жардам бер”.
Келгиле мекендештер, бир муштум болуп түйүлүп, коррупцияга жана коррупциянерлерге каршы согуш жарыялайлы.
Өлкөбүздөгү Коррупцияга каршы күрөшүүдө жүрүп жаткан алгылыктуу иштерди жана мамлекеттик адилеттүү саясатты чогуу колдойлу.
“Мыйзам Нуру” коррупцияга каршы
коомдук көмөктөшүү” коомдук
бирикмесинин төрайымы