ОЙЛОР Күн көрүнбөйт көз жазгантып уялтчу, Булут жылат сапар улап тынымсыз. Мага жашоо токтоп калган сыяктуу, Ак баракка төгүп жазчу ырымсыз. Узун сапар… жол түгөнө көрбөгүн, Мен жолоочу терип келем ырыскы. Сапарлаштан адаштырып бөлбөгүн, Бапестейин кудай берген ырысты. Түрдүү түмөн адамдарга жанашып Автобуста ойго батып баратам, Айрымдары көзүн салса карашып, Аяр болуп аяр ырды жаратам. Аялдама..., чыгат-түшөт сапарлаш, Жол сапары өмүр сапар билгенге. Өмүр, өлүм үзөңгүлөш, катарлаш, Аялдама алыс өмүр сүргөнгө. Күн көрүнбөйт көз жазгантып уялтчу, Булут жылат сапар улап тынымсыз. Мага жашоо токтоп калган сыяктуу. Ак баракка төгүп жазчу ырымсыз. Кундузбү Маматова Куку 2
МЕЛЕК Кожоюн (атам) мени ишке киргизди. Кожоюндун менин өзгөчө жөндөмдүүлүгүм тууралуу маектеринен кийин үйдөгүлөр эле эмес, бүт туугандарым, жада калса айылдагылар мени чыныгы жазуучу деп эсептешет. Мисалы, качантан бери биздин мектептеги бардык иш-чаралардын көркөм бөлүгү мен айткан ыр айтыш менен аяктап калды. Темалар дээрлик бирдей, жаркыраган келечек үчүн дүйнөлүк пролетариатты бириктирип турган Коммунисттик партиянын эл, анын ичинде балдар жөнүндөгү аталык камкордугу, эмгекчилерибиздин эрдиги, биз жете турган жакшы күндөр жана совет элинин жана башка асыл иштери. Мектепте чыгармачылык жолумдун башталышы кожоюндун мен тууралуу ойлоруна түздөн-түз байланыштуу бо
ӨЗҮҢ КЕЛ Баратам ийри жолдо ойго батып, Санаалар ээрчип алган оролошуп. Күбүлгөн көңүлүмдүн тигиштерин, Тепчиймин кирпик менен жашым катып. Сөгүлүп кетпесин деп кабыргалар, Белиме белбоо тагам катар-катар. Кайрылып келбейм уулум үйдөн күтөм, Сен өзүң келип калгын тартып сапар. Сизонун эшигине төрт ай каттап, Колума эмне тийсе бекем сактап. Кудайдан тилеп келем бошошуңду, Арышым аттаганда атың жаттап. Бул сапар эң акыркы каттоом болсун, Жаркылдап өзүң үйгө кирип келгин. Алсырап жол караган апакеңди, Кучактап, беттен сүйүп кубат бергин. Баратам артка карап, оюм бүтпөй, Ичимде жалын өртүм быкшып түтөй. "Келгилик кылбасынчы ушул жерге", Дедим да арыш кердим колду шилтей.
Сия гүл ( Әңгіме) Таңғы күн шұғыласы Алатаудың қарлы шыңдарынан асып жайлауға түскенде еріксіз көз тартар табиғат сұлулығы ерекше ажарланып кетеді. Қатар тігілген боз үйлердегі күнделікті тіршілік қозы-лақтың маңырағаны, сиырдың мөңірегені, жылқылардың кісінегенімен басталады. Сол боз үйлердің бірінде ақ жаулығын артқа тастап қойып,зырылдаған сүт мәшинесімен сүт тартқан Алима, төрде ұйықтап жатқан жеті жастағы Гүлжанға күлімсіреп, елжірей қарады. Құрман боз үйдің есігін түре кіріп ,қолындағы қамшы, жүгенін керегеге ілді де, ұйықтап жатқан қызына бір қарап Алимаға бұрылып: - Бұл әлі ұйықтап жатыр ма? Күн сәске болды ғой. - Ия қатты ұйықтап жатыр. Кешке ұзақ ойнап шаршаған да Екеуі бір-б
СЫЯ ГҮЛ (Аңгема) Жайлоонун сулуулугун күндүн шооласы коштоп ансайын кооздукту тартуулап турат. Катар тигилген бой үйлөрдөгү күнүмдүк тирикчилик колу-улактын чурулдагы, уйлардын мөөрөгөнү, жылкылардын кишинегени менен башталат. Ошол боз үйлөрдүн биринде ак жоолугун артына арта таштап, зырылдаган сүт машинеси менен сүт тарткан Алима, төрдө уктап жаткан жети жаштагы Гүлжанга карап элжирей жылмайып койду. Аңгыча күйөөсү Курман боз үйдүн эшигин түрө кирип, колундагы камчы, жүгөнүн керегеге илди да, уктап жаткан кызын көргөзө Алимага кайрылды: - Бул дагы эле уктап жатабы? Күн шашке болду. - Ооба, катуу уктап жатат. Кечке ойноп чарчаптыр да. Экөө күлүп калышты.
ҮЗБӨЙМҮН УУЛУМ КҮДӨРДҮ Тарттырбай санаа, убайым, Тилекти берип Кудайым. Эркетай үйгө келгиче, Белимди бууп турайын. Таш, кумун жердин терейин, Гүлдөрдүн түрүн эгейин, Жаркылдап уулум келгенде, Кубана үзүп берейин. Бакчаны багып турайын, Шагына шакты улайын. Мөмөсү бышып жетилсе, Эркетай көрсүн убайын. Бакчамда түркүн гүл болот, Шагына сайрап куш конот. Актилек келсе бир күнү, Короомо бакыт, кут конот. Кайналы гүлү жайнады, Жыпарын шамал айдады. Өрүгүн көрүп кулунум, Кубансын күлүп жайдары. Күтөмүн жакшы күндөрдү, Элжирей карап гүлдөрдү. Ирмелип кирпик турганда, Үзбөймүн уулум, күдөрдү. Апакең Кундузбү Маматова Куку
*** Алып учкан жүрөгүм дүк-дүк согуп, Көз карыгып жол карайт бугум толуп. Көңүлүмдүн талаасы миң бөлүнүп, Алапайын табалбай турат ооруп. Эбелектей акыл, эс чачылууда, Түйшүгү күч кусалык сапырууда. Кандай болот эртең деп түн күзөткөн, Саман санаа жөн койбой ашыгууда. Маңдайыма сыноолор жазылууда, Кеп-сөзүмдүн маңызы казылууда. Алаксысам дегеле моюн бербей, Бардык оюм уулума шашылууда. Кыял күлүк, ой күлүк жеткирбеди, Саат жылат, бирок бүгүн кеч кирбеди. Ак жолунан тосоюн оо жараткан, Таң эртеңден уулума жеткир мени. Ак жүзүнөн өбөйүн, бек кучактап, Оо жараткан, уулума жеткир мени. Кундузбү Маматова Куку 09.04.2024.
ЖАЗДЫН КҮНКҮ БИР ЭРГҮҮ Күндүн нуру төгүлөт, нур төгүлөт, Жебесинен сыйкырдуу сыр бөлүнөт. Жан бүткөндүн баарысы ойгонушуп, Тирүүлүктүн түйшүгүнө бир чөмүлөт. Бак-дарактар бой керип шыбырашат, Курт-кумурска жем ташып кыбырашат. Эркин учкан куштар да ары-бери, Чапкылашып канаттарын шуулдашат. Адамдарчы? Көйгөй менен укташып, ойгонушат, Табылгынын бурамындай толгонушат. Топук кылып, кылбай да бар оокатка, Тоодой жүктү көтөрүп, ойлонушат. Бирөө шашат жумушка чуркап-чуркап, Бирөө ыйлайт азаптан кайгы ууртап. А башкасы актык деп үн чыгарса, Экинчиси мылжыят бакыт уурдап. Пейил тарып барабы, пейил тарып? Сезбедик ээ дүйнөбүз чачса жарык. Манчыркоодон көз кырын салса бирөө,
ЧАҢ БАСКАН КИТЕП Чаң баскан китеп, саргайган барак, Жазылды балким миң түркүн санат. Чабышкан кылыч учкуну менен, Ичинде түтөп, ичинде жанат. Кылымдар бою тарыхты сактап, Кимиси кандай? Аныктап, тактап. Жалгандар башын ийдирсе дагы, Саргая жашайт чындыкты жактап. Жукарып барат алсырап күндө, Мезгилдер менен айланып күлгө. Миң жылга чейин а балким жашайт, Бакчада өскөн окшошуп гүлгө. Чаң баскан китеп, жукарган барак, Тизилип туруу кандай бир азап. Окурман келип тапсакен сени, Ошондо болот башыңа азат. Чаң баскан китеп, саргайган барак, Окулбай турса көйгөй да, азап. Кундузбү Маматова Куку 5-апрель
Показать ещё