Предыдущая публикация
Тарттырбай санаа, убайым,
Тилекти берип Кудайым.
Эркетай үйгө келгиче,
Белимди бууп турайын.
Таш, кумун жердин терейин,
Гүлдөрдүн түрүн эгейин,
Жаркылдап уулум келгенде,
Кубана үзүп берейин.
Бакчаны багып турайын,
Шагына шакты улайын.
Мөмөсү бышып жетилсе,
Эркетай көрсүн убайын.
Бакчамда түркүн гүл болот,
Шагына сайрап куш конот.
Актилек келсе бир күнү,
Короомо бакыт, кут конот.
Кайналы гүлү жайнады,
Жыпарын шамал айдады.
Өрүгүн көрүп кулунум,
Кубансын күлүп жайдары.
Күтөмүн жакшы күндөрдү,
Элжирей карап гүлдөрдү.
Ирмелип кирпик турганда,
Үзбөймүн уулум, күдөрдү.
Апакең
Кундузбү Маматова
Куку
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев