(Аңгема)
Жайлоонун сулуулугун күндүн шооласы коштоп ансайын кооздукту тартуулап турат. Катар тигилген бой үйлөрдөгү күнүмдүк тирикчилик колу-улактын чурулдагы, уйлардын мөөрөгөнү, жылкылардын кишинегени менен башталат. Ошол боз үйлөрдүн биринде ак жоолугун артына арта таштап, зырылдаган сүт машинеси менен сүт тарткан Алима, төрдө уктап жаткан жети жаштагы Гүлжанга карап элжирей жылмайып койду. Аңгыча күйөөсү Курман боз үйдүн эшигин түрө кирип, колундагы камчы, жүгөнүн керегеге илди да, уктап жаткан кызын көргөзө Алимага кайрылды:
- Бул дагы эле уктап жатабы? Күн шашке болду.
- Ооба, катуу уктап жатат. Кечке ойноп чарчаптыр да.
Экөө күлүп калышты. Аңгыча тээ алыстан Гүлжандын курбулары “Гүл-жа-ан” - деп чакырып жатышканы угулду. Курман сыртка чыгып, кайра келди да:-
- Тээ аркы беттеги Ничке-Суунун кыздары экен. Тик-Бетке барып ышкын терип келебиз деп чакырып Гулжанды – деди.
- Ой, бул кичине да, анын үстүнө кызыңыз өтө шок. Барбай эле койсун, чоң кыздарга кошулуп, анын үстүнө Тик-Бет да алыс.
- Анда барбайт деп коеюн – деп Курман үйдөн чыга берээрде көзүн ушалаган Гулжан тура калды.
- Ики, мен барамын, кечээ барам деп айтканмын. Мен кичине эмесмин, чоноюп калдым го, мына, боюм да өсүп калды.
Курман кызынын чачынан сылай, маңдайынан жыттады да:
- Албетте, кызым сен чоңоюп калдың. Бирок алар сенден да чоң кыздар. Алар бат-баттан чыгып кетишсе сен жетпей каласың – деди.
Курмандын сөзүн коштогон Алима да:-
- Гүкүтай, сен эрте мененки тамагыңды да ичкен жоксуң – деди.
Гүлжан апасынан озунуп,
- Апа, менин курсагым ток. Мына кечээ салып даярдап алганмын, курсагым ачса ушундан жеп аламын – деди да, төрдөгү жыгач жүк жыйган тактайдын алдынан баштыгын алып чыкты. Ичинде өзү суу ташуучу бир литрдик ак конистрге кымыз куюп алыптыр. Курман бырс эте күлүп, Гүлжандын баштыгынын ичин карап, Алиманга:
- Баштыгына таттуулардан салып бер эми. Мунуң дээлигип алыптыр, кечке ыйлактайт, кыздардан кала берсе – деди.
- Ошол чоң кыздарга жете алмак беле? Ышкынды эмне кылат экен? Атаң деле алып келип атат го. Жей албай эле отурат.
- Бала да эми, ойногусу келип атат. Бара берсин, бир аздан кийин артынан мен да барамын.
- Урааа, урааа, мен барамын. Бер-ме-е-ет, Со-нун-бү-үү, токтогула, мен баратамын – делдектеп сүйүнгөн Гүлжан баштыгын колуна кармап кыздардын артынан чуркап кетти.
- Чунак кыз, бетин да жууганга үлгүргөн жок, ачка кетти. Бир нерсе жутуп алса болот эле - деп Алима артынан сүйлөнүп калды.
Тик-Бет жайлоосунун аркы бетинде жарчек аралашкан жашыл тик бет. Ал жарчектерге эчки, улактар оттоп, жарчектерине жатып жуушашат. Ал эми улактар таштан-ташка секирип ойношот. Он чакты кыз ошол жакка бара жатышат. Жаштары ар түрдүү куракта. Алардын эң эле кенжеси Гүлжан болчу. Жалгыз аяк жол менен Тик-Беттин ортосуна келгенде кыздар чачырап ышкын терүүгө киришишти. Гүлжан улам бир ышкында таап, аны колтугуна кысып отуруп кыздардан алыстап кетти. Бир мезгилде жарчектин эң төрүндө өскөн жайнаган сыя гүлдөрдү көрдү да ошол жакка жөнөдү. Бирок барууга жол абдан ичке, асты-үстү таш болгондуктан чоңураак кыздар өтө албайт эле. Бирок кичине кыздар жөрмөлөп гана өйдөлөп чыгууга болот. Гүлжан эки жагын карап, кыздардан алыстап кеткенин түшүндү да баштыгын, терген беш-алты ышкынын жар четине коюп, сыя гүл жакка жөрмөлөп жыла берди. Жарчектин астын да, үстүн да караган жок. Анткени анын көнүлү тиги сыя гүлдө болчу. Ошентип отуз метрдей баргандан кийин журт ордундай жапжашыл тектирчеге туш келди. Тизелери чаң, колдору ботала болгонуна карабай гүлдөрдү көрүп, колун чаап кубанып, улам бирден гүлдү жыттап бир топ убакыт өткөрдү. Кыздар Тик-Беттин тескей бетинде жүргөндүктөн күн күнгөй бетке ооп кеткен эле. Кеч кирип баратат деп ойлогон кыздар Гүлжанды таппай, кайра артка кайтышты. Күндүн батып баратканын көргөн Гүлжан ошондо гана коркуп, эки жагын карап, таптакыр түшүүгө мүмкүн эмес экенин түшүндү. Ага кеч кирип кеткендей сезилди. Асты-үстү жалама зоого окшоп көрүнүп, аркайган аскалар азуусун кайраган жомоктогу желмогуздардай көрүндү. Кай тарапты карабасын, ошол элестер көрүнө берди. Бир кучак терген сыя гүлүн кучактап:
- Атааа, атааа,- деп кыйкырды.
Ушул мезгилде Курман кызынын кечиккенин көңүлү тынчыбай аты менен ошол тарапка бараткан. Кызынын үнүн шак эле укту. Атын темине Тик-Бетке чыкты. Мына кызынын үнүнө жакындап баратат. Кызын коркпосун дегендей өзү да анда-мында кыйкырып жатты.
- Гүкүтай, мен келдим кызым. Каяктасың?
Жарчектин арасынан кызы көрүнмөк беле. Анда-санда гана үнү угулбаса, көзгө көрүнбөйт. Атын токтоткон Курман дем тартпай тыңшап турду да, бет маңдайдагы жарчектен Гүлжанды көрдү.
- Ой, кызым, сага ал жакта эмне бар? Ал эчкилердин жайыты да – деп сүйлөнө
атынан түшүп ошол жакка басты. Гүлжанды же өйдө жагынан, же ылдый жагынан ала албайт. Же өзү баралбайт. Бирок тобокелге салды да, атын аркандаган аргамжы кыл чылбыр менен аттын ноктосун алып, жарчектин үстүнө чыкты. Гүлжан турган жердин үстүндө дагы бир жарчек бар, ага бир адам басса болот. Чылбырды казык бош чалып, ноктону чылбырга бекемдеп байлап кызына түшүрдү.
- Гүлжан, мен ук, тиги ноктого эки бутуңду сал. Кыл чылбырды белиңе өткөр да колтугуна алып кел. Өзүң эки колдоп чылбырды карма, мен тартып алам кызым, коркпо. Ылдый жакты караба, макулбу?
Кенедейинен жайлоонун сырын бирген Курман, ушул тектирге кыздар чыгып кетпесе экен деп чочулап турган эле. Өзү күмөндөгөндөй кызы ошол тектирде камалып калганын кара. Эмне болсо да аман-эсен чыгарып алсам экен деп, жерге боорткоктоп жатып, оонап түшүп калбагыдай болуп жайгашты да, кызын жогору карай тартып жатты. Бийиктиги тогуз, он метрдей жарчек узарып кеткендей болду. Чылбыр үзүлүп кетпесе экен деп кара тер басып кетти. Өзүнүн турган жери деле кең эмес. Туура эмес бир кыймылынан кызы тарапка учуп кетүү коркунучу бар эле. Мына, мына, жакын калды. Беш, төрт, үч, эки, бир метр... Болгону бир метр калгандагы убактыт кылымга татыды. Курмандын бир колу Гүлжандын билегине шап жабышып, экинчи колу кыздын көкүрөгүнөн чеңгелдей кармап өзүнө тартып алды да жаткан бойдон бооруна кысты. Кетпеген жеринен тер кетти. Кеп сөзү жок тентек кызын бооруна кысып, үнсүз жата берди. Кызын тартып алган беш мүнөттүк убакытта көзүнө эмнелер гана элестеп, эмнелер гана оюна келбеди. Чылбыр үзүлүп кетсе кызы тектирге бир тийип, андан ары топтой учуп, отуз метр ылдый жактагы үйдөй ташка тийсе соо калмакпы. Кудай бир зор сактады. Курман акырын ордунан туруп, кызын көтөрүп кең жолго чыгып, атына нокто катты. Унчукпай мурдун “шуу” тарткан Гүлжан кызыл кемселинин коюнунан бир тутам сыя гүл алып чыгып атасына сунду да:
- Ата, атоов, гүлүм сынып калыптыр, тиги жип сындырып салган го - деди.
Курман бырс күлүп жиберди да кызынын гүлүн алып жыттады. “Атанын көөнү балада, баланын көөнү талаада “ - деген ушул экен да.
Кундузбү Маматова
Куку
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Нет комментариев