Минтип жүрө берсем болбосун түшүнүп баштадым. Бир күнү Кайрат менен жеке сүйлөшүүнү чечтим.Ал окуусун аяктап жатат. Ушул жылы биздин үйдөн кетет. Балким үйлөнөт. Кандай болсо да, ушул боюнча калбашы керек. Күндөгүдөй кечке маал келди. Көп сүйлөбөйт эмеспи. Кечки тамакка ал жактырып жеген Бризоль жазадым. Атам апам келгиче бир жыйынтыкка келүүнү чечим.
-ООО... Биздин сулуунун маанайы жакшы го. Же менин курсагым ачып кеткенин сездинби?
Тамашалап мурдумдун учунан чымчып дасторконго отурду.Сөздү эмнеден байштайм деп бир топ убакыт маңдайында отура бердим. Акыры чыдамы кетти окшойт.
- Акыркы кундору ойчул болуп баратабыз го ээ?
-Балким.... Ойлонткон нерселер бар чыгар.
-Сени мынча ойго салган кандай нерсе болушу мүмкүн? Менден эмне жардам керек?
Бардыгын буркан -шаркан түшүп ыйлап айтып салым келди да бирок өзүмдү араң кармай
- Эгер кыз сизди сүйүп калса,суйом десе эмне кылмак элен. Бизде өзгөчө кыргыздарда кыз киши сүйүүсүн биринчи билдирүү намыс эмеспи..
Бир топко унчукпай турду да
-Сөз Мээрим жөнүндө болуп жатса керек ээ? Билем Мээрим жакшы кыз.Мен өзүнө түшүндүрүп айткам
Мээримдин сезимдерин түшүнуп, бирок эч кандай айла кыла албасын анткени башка бир адамды суйоорун, ал кыз үчүн баарына даяр экенин саймердиреп жатты. Анан акырында
-Мээримге менин да түшүндүрүп коюшумду суранып ордунан туруп кетти.
Мына сага! Өзүмчо отуруп алып, бул жагы кино болуп кетти окшойт. Сүйүү үч бурчтугу эмес эле төрт бурч болуп кетти окшойт.Демек бул жакта мен өзүмдү ашыкча сездим. Кайраттан мындан да алысташым керек. Балким башка нерсеге алаксып кетем.
Көп өтпөй окууну да буттук.Ата энеме кеңешип магистратурага Москвага тапшырып кетип калдым. Атам башка өлкөгө деле окушумду суранды, бирок мен үчүн Москва өз үйүмдөгүдөй жакын сезилди. Акыры кетүүчү күн да келди. Кайрат өз үйүнө кеткен. Ага эч нерсе айткым келген жок. Аны ушул жерге таштап, жаңы жашоо баштадым келди. Баардыгы жаңы барактан, жаңы жер, жаңы дос, жаңы жашоо, балким жаңы сүйүү. ..
Кайратты канча унутууга аракет кылсам да эч болбосун. Ал жөнүндө маалымат угуудан качан. Анын телефон номери, электрондук почтасы сыяктуу байланыш каражаттары кара тизмеге кирген. Эки жыл бат эле өттү. Апам телефон чалып мени турмушка чыгышым керек экенин айта берип тили тешилди окшойт. Ишенсенер мен ушул 4 жыл аралыгында Кайраттан эч кимди сүйө албадым.
Албетте көп эле учурлар болду. Сөз айтып көңүлүмө жаккан мырзалар да бар. Бирок баары жакшы болуп келет да акыркы кадамга жеткенде Кайратты элестетип баш тартам. Магистратураны бүттүм. Андан сырткары эки жыл иштедим. Баары жайында болсо да баары бир өз мекенине жетпейт экен. Быйыл кузундо борборубуздагы жеке компаниялардын бирине ишке орноштум. Баардыгы ойдогудай көрүнөт, бирок атамдын "Алтымыш жаш" тоюнда кайрадан Кайратты кезиктирдим. Жүрөгүм баягы беш жыл мурункудай алып учуп, ичим ысып, чуркап барып мойнуна асылгым келди. Ал баягыдай эле. Бир сырдуу карап коёт. Бул убакта үйлөнүп балалуу болсо керек. А мен эмне болуп жатам? 18 жаштагы кыздардай болуп озумду коерго жер таппай атам. Улам жуунучу бөлмөгө кирип бетимди муздак сууга жууп чыгам.
Жок, жанында жанында жандаган эч кимиси жок. Жалгыз эле журот. Жанына барып учурашуум керек экенин тушундум. Мен ага баратканымды байкады окшойт, ал дагы мени коздой келатты. Жузуно тике карай албай жер карайм. Кээде ушунча жыл кутуп келген мырзамды коргонумо толкундансам, кээде суйуумду сезбегенине ичим ачыша жек коруп кетем.
-Салам сулуу.
Жакын келип колумдан кармап, бетимден опту. Калп эле жлмайганым менен ушул адам учун озумду канча жыл кыйнап, чет жерде журдум.Сыртымдан ак койногум менен жаркырап турганым менен ичимде айтып бере алгыс бурганак болуп жатты.
-Салам Кайрат.
Ооба,чоноюптурмун. Мурункудай соз таба албай тайсалдап калчу сапатым жоголуптур.
Акыбал сурап жатып ортодо уйлонбогонун билдим.
Мына кайрадан баягы мелодрама башталды. Унутам деп торт жыл алыста журдум. Келсем баардыгы баягыдай эле. Мээрим турмушка чыгып бирок ажырашып кетиптир. Мурункудай болбой аябай токтолуптур.
Менин жашоом бир нугуна тушуш учун Кайрат уйлонуш керек, же мен турмушка чыгышым керек. Балким экообуз уйлонобуз. Бирок бул туралуу элестете да албайм. Эн кызыгы торт жыл жоопсуз суйуу менен жашадым менин оюма койсо дагы канчалаган жылдар бою кутуп журо берчудоймун.
Ушул убакытка чейин балким Кайрат уйлонуп алса, мен да бироонун колун кармап кетет белем. Эми кайрадан кутуу башталды. Бирок жон гана алакан жайып кутуп отура бербесимди тушундум. Аракет кылыш керек. Кызык барып "Мен сени суйом, торт жылдан бери сени кутуп журом." дейинби. Ал адатынча далыман таптап, мурдумдан чымчып "Баары жакшы болот" деп кетип калсачы?
Бугун туулган кунум. Омуру туулган кунумду укмуштуудай шан менен кече уюштуруп откоргон эмесмин.Уйдо ата энем, бир туугандарымдын, эн жакын досторумдун жанында болчумун.Бул жолу каалабасам да досторум,кесиптештер жана Кайрат учун озгочо кече уюштуруп эн мыкты деген ресторандардын бирине заказ бердим. Бирок ушунчалык аудиториям тар экенин билбепбирмин, кечеде жыйырмадан ашык адам отурду. Баардыгы конулдуу. Бирок Кайрат негедир кечигип жатты. Улам сааттын жебесин карап кутуп жатам. Бугунку кечени мен озум учун эмес Кайрат учун уюштургандай жол карайм.Ал созсуз келиши керек болчу.Бул менин ага карата жасалган алгачкы кадамдарымдын бири.
Акыры кече аягына чыкты. Эшиктен кирип келген ар бир кишини умуттуу карай берип,акыры келген коноктордун аягы сууй баштады.Жалгыз гана Кайраттын караанына зар болуп, омурумдун 26 жайын откоруп жатканымды эч ким билбейт.Турмушта бир гана нерсени, жалгыз адамды кутуп жашоону тек гана китептен окуп, кинодон коргом. Мейли келбесин.Ал келууго милдеттуу эмес чынында.Мен кимге таарынып жатканымды озум да билбейм. Столдун устундо турган бир бокал толо вискини токтотпой ичип жибердим. Ордумдан тура, аялдар болмосуно (даараткана)кирип ыйлап жаттым.Ичимдеги сезимди соз менен эч кимге айта албайм. Менде сагынуу, куса,суйуу,жек коруу да пайда боло баштады.
Сыртка чыксам элдер азайып баштаптыр. Коздорум кызарып калыптыр. Келген меймандын баары тарап кетишти. Бир гана Мээрим калды. Колуна эки бокал кармап алыптыр, бироосун мага сунуп жатып
-Сен дагы эле аны кутуп журосунбу?
Бироо башка чапкандай чочуп кеттим. Калп эле сыр бербей
-Кимди?
- Кимди деп коет.
Дайыма жылмайып жургон Мээрим кабагын туйо жарык берип жаткан экранды тиктеп турду.
-Мени билбейт дейсинби досум. Сенин эмнеге окуунду улантып кеткенинди, бугун кечке кимди кутуп отурганынды, алдыгы сулуу коздорундун кызарган себебин да билем..
Актангым келген жок. Мени Мээримден башка ким тушунмок эле. Курбумдун колунан кармай, ийинине башымды жолоп
-А сен кандайсын? дедим. Бир топко унчукпай турду да.
-Мен да бир мезгилде Кайрат учун сага окшоп ыйлагам. Жоопсуз суйуу жаман экен. Кыздар мынча алсызбыз. Бирок Кайрат мага болушунча эле тушундургон. Айла жок, суйуу экен. Журо бердим. Акыры ата энеме кудалап келгендердин бироосуно турмушка чыктым. Жашоо биз ойлогондой оной эмес экен. Балким, бири бирибизди суйбой турмуш кургангабы айтор жыл айланбай эки жолго туштук. Азыр менин жашоомдун манызы уулум. Уулум учун жашайм. Кайрат мен учун унутулду.
Бирок... Мени кечир. деди мени бир топко кучактап ыйлап алды эшикке чуркап чыгып кетти. Эч нерсе тушунгон жокмун, артынан чыксам, таксиге отуруп кетип калды.
Уйго ойлуу келе жаттым. Кызык, Кайрат эмнеге келген жок? Мээрим эмнеге кечирим сурады? Бул жерде эмне болушу мумкун? Негедир журогум бир нерсени сезгендей.
Уйго келип туну менен уктай алган жокмун. Эртеси тан атпай Кайратка смс жазууну чечтим. Эмнеден баштаарымды билбей телефонумду кармалап бир топко отурдум. Же чалсамбы?Бирок эн кызыгы эмне дейм? "Туулган кунумо келбей койдун"деп таарынгыдай ал менин жакын досум же жигитим эмес. Бирок созсуз эмнеге келбегенин билишим керек. Неге болбосун чалганга? Чалып сурап койсом койногумду чечип алмак беле? Тааныш номерди терип, тыншап жаттым. Бирок дагы албады. Чыдамым кетип "Мен буга эмнеге чалам?, бул мага ким эле"деп телефонумду таштап шалдайып отуруп калдым. Болмомдо бушайман болуп, жинди кишиче озум менен озум суйлошуп отурам. Ангыча телефонума смс келди. Кайраттан.
"Салам.Кечир. Бара албай калдым. Балким жолугаарбыз? "
Мен мындан артык нерсе кутпосом керек. Келген смске ишенбей кайра-кайра ачып окуп жаттым. Чын эле мени жолугушууга чакырып жатат. Дароо жооп бергенден уялдым. Бир топ убакыт откондон кийин жооп жаздым.
Ал куну кечке даярдандым. Биринчи жолу корушконго бараткансып озумчо толкунданып алганымды билгизбей, болжошкон жерге барсам кутуп туруптур.
Чынында абдан келишимдуу жигит. Балким мага ушундай корунуп жаткандыр. Кубанганымдан ашыкча жылмайып алсам керек. Анын токтоо коз карашынан чочуп кеттим. Сылык учурашып, кичине кутуга кооздолгон белегин колума карматты. Анын ичин ачууга камынганда,
-Шашпай уйдон ачып карасан деле жетишесин. деп койду. Унчукпай чонтогумо салып, андан ары суйлошуп бараттык.
Оозумду канчалык таптап сезимимди айткым келип турду. Бирок ынгайы келбей жатты. Ангыча колума чакан конверт карматты.
Тан кала кармап
-Бул эмне? дедим
-Кааласан муну да уйдон ач.
Оюмдун баары "Бул сезимин билдирген кат болсо керек"деп уйго кеткиче шашып баштадым. Ал дагы кичине тура турушумду суранып, мени баштан аяк тиктеп копко турду да, бир убакта бекм кучактап
-Сен жакшы адамсын. Бактылуу болосун.
-Кайрат сен дагы жакшы...
Ангыча телефону шынгырап, менден алысыраак барып бир топ суйлошуп турду да.
- Менин шашылыш ишим чыгып калды. Дагы корушобуз да.
Келип мени дагы бекем кучактап алып бурулуп кетти.
Уландысы бар...
Присоединяйтесь к ОК, чтобы подписаться на группу и комментировать публикации.
Комментарии 48