🔴 ШАВВАЛ АЙЫНДАГЫ АЛТЫ КҮНДҮК ОРОЗО ✍🏼 Эрланбек Кушчубек уулу Мына кечээ эле башталган Рамазан көз ачып жумгуча өтүп кетти. Бул айдын жакшылыктарын пайдаланган адам пайдаланып калды, ал эми пайдалана албаганы көптөгөн жакшылыктардан куру калды. Рамазан башталгандан баштап жан дили менен ибадат кылып, бирок Рамазан бүтөрү менен ибадатты токтоткон адам – Рамазанды татыктуу тоскон адамдардан эмес. Бишр ибну Хаафиге бир адам келип: «Баланча адамдар Рамазанда эле ибадат кылышат»,– деп айтканда, ал мындай деп айтты: «Аллахтын алдындагы милдеттерин Рамазанда эле билген адамдар – эң начар адамдар. Чындыгында, такыба адам жыл бою ибадат кылууга жанталашат». Күн санап күткөн Ыйык Рамазан да бүттү. Эми кайрадан сыноо күндөрү башталды. Ким Рамазанды талаптагыдай өткөргөн болсо, анда ал адам келерки Рамазанга чейинки убакытты да Рамазандагыдай же андан дагы жакшы деңгээлде өткөрүүгө умтулат. Ушуга чейин кылып келген ибадаттарын үзбөйт, ички дүйнөсүн тазалайт, жашоосун оңдойт, бир сөз менен айтсак, анын динге болгон бекемдиги күн өткөн сайын күч ала баштайт. Ал эми ким талаптагыдай өткөрбөсө, анда ал Рамазан бүтөрү менен мурунку кейпине кайта баштайт. Күнөөнү да таштабайт, бузукулуктан да кайтпайт. Рамазан айы бүтүп Шаввал айы да келди. Бул айда да ыймандуулар үчүн Аллахка жакындоого жана көптөгөн соопторго жетүүгө мүмкүнчүлүктөр түзүлгөн. Ошолордун бири туурасында Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, мындай деп айткан: «Кимде-ким Рамазан айында орозо кармаса жана ага улап Шаввал айында да алты күн орозо тутса, анда ал бир жыл орозо туткандын сообун алат». (Сахих Муслим) Имам Навави, рахимахуллах, хадисти мындайча шархтаган: «Чындыгында, бул (орозонун) бир жылга барабар болушунун себеби – ар бир жакшылыкка он эсе сооп берилет. Ошого ылайык Рамазан айы да он айга барабар болот. Ал эми Шаввалдын алты күнү – эки айга (б.а алтымыш күнгө) барабар болот». (“Шарх Сахих Муслим”) Ал эми башка хадисте Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты: «Рамазан орозосу он айга барабар, ал эми андан кийинки (Шаввалдын) алты күндүк орозосу эки айга барабар. Баарысы (биригип) бир жылдык орозосун сообундай болот». (“Сахих аль-Жаамиъ”) Рамазандан кийинки Шаввал айында алты күн орозо тутуу – бул пенденин Раббисине келтирген шүгүрү сыяктуу. Анткени Аллах Таала ага Рамазан орозосун толук тутууга шарт түзүп жана көп жакшылыктарга жетүүсүнө мүмкүнчүлүк берди. Ибну Ражаб, рахимахуллах, Шаввал айынын пазилеттери туурасында мындай деп айткан: «Биринчиден, Рамазан орозосун туткандан кийин Шаввал айында да алты күн орозо тутуу – бир жыл толук орозо туткандын сообуна барабар. Экинчиден, Шаввал айы менен Шаабан айындагы орозолор – парз намаздардын алдынан же артынан окулуучу сүннөт намаздар сыяктуу. Парз намазда катачылык же кемчилик кетсе, анда ал ушул намаздар менен толукталат. Чындыгында, Кыямат Күнү парз намаздар сүннөт намаздар менен толукталат. Бул туурасында Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа салламдан, ар түрдүү далилдер келген. Ошол сыяктуу эле көпчүлүк адамдар да Рамазанда туткан орозолорунда катачылык жана кемчиликтерди кетиришет жана алар да (Кыяматта) толуктоого муктаж болот. Үчүнчүдөн, Рамазан орозосунан кийин да орозо кармоону адат кылуу – Рамазан орозосунун кабыл болгондугунун белгиси. Чындыгында, Аллах Таала пендесинин кылган ибадатын кабыл кылса, анда ага андан кийин да жакшылыктарды кылууга ийгилик берет. Кээ бир аалымдар айтышкан: «Жакшылыктын сообу – андан кийинки кылынган жакшылыктан билинет. Кимде-ким жакшылык кылса жана андан кийин да башка жакшылыктарды кылса, анда бул анын биринчи кылган жакшылыгынын кабыл болгондугунун белгиси. Ошол сыяктуу эле кимде-ким жакшылык кылып, бирок анын артынан күнөө кылса, анда бул анын кылган жакшылыгынын кабыл болбогондугунан кабар берет». Төртүнчүдөн, Рамазан орозосу хадисте айтылгандай адамдын өткөн күнөөлөрүнүн кечирилишине себеп болот. Рамазанда орозо туткандар сооп-сыйлыктарын Орозо Айт күнү толугу менен алышат, бул күн сооп-сыйлык күнү. Мына ошол себептен Орозо Айттан кийин орозо тутууну адат кылуу – берилген сооп-сыйлыктарга шүгүр кылууга жатат. Ал эми өткөн күнөөлөрдүн кечирилиши – жакшылыктардын эң улуусу. Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, түндөсү намазда көп турганы себептүү буттары шишип кетчү. Күндөрдүн биринде Аиша энебиз андан “Оо, Аллахтын Элчиси! Аллах Таала сиздин өткөн жана келерки бардык күнөөлөрүңүздү кечирди го, эмне үчүн мындай кыласыз?” деп айтканда, ал айтты: “Мен да Аллахтын көп шүгүр кылган пенделеринен болууну кааласам болбойбу?” (Сахих Бухари) Аллах Таала пенделерине Рамазан орозосун тутууга мүмкүнчүлүк түзгөнү үчүн аларды шүгүр кылууга буйруган. Мисалы, Аллахты зикир кылууга ж.б зикирдин түрлөрүн аткарууга буюруп мындай деп айтты: «Ал силерди белгилүү сандагы күндөрдү (орозону) аягына чейин толуктооңорду жана силерди Туура жолго салганы үчүн Аллахты улуктооңорду каалайт. Балким, шүгүр кылаарсыңар». (Бакара сүрөөсү, 185-аят) Пенденин Рамазандан кийин Аллахка шүгүр кылып туткан орозосу – жалпысынан Аллахтын ага Рамазан орозосун тутууга ийгилик, жардам бергени үчүн жана күнөөлөрүн кечиргени үчүн Раббисине шүгүр кылганына кирет. Алгачкы улуу муундун кээ бир аалымдары ушундай кылышкан, эгерде Аллах Таала ага түнкү намазды окууга ийгилик берсе, анда ал күндүзү орозо туткан жана ал орозосун Аллах аны түнкү намазга турууга ийгилик бергени үчүн Ага шүгүр кылуу максатында туткан. Эгерде кимдир бирөө Вухайб ибну Вардтан кылынган ибадаттын (мис., тавафтын ж.б) сообу туурасында сурап калса, ал мындай деп айтчу: “Анын сообун сурап не кыласыңар, андан көрө ошол ибадатты кылууга ийгилик жана жардам берген Аллахка кантип шүгүр кылуунун жолун сурагыла”. Бешинчиден, адамдын Рамазанда кылган ибадаттары Рамазандын бүтүшү менен эле токтоп калбайт. Ал ибадаттарды адам тирүү кезинде дайым кылса болот». (“Латоифуль Маъариф”) ▁▁▁▁▁▁▁▁▁▁▁▁▁▁ ☑ ИсламОнлайнKG ➥ Facebook.com/islamonlinekg ➥ Instagram.com/islamonlinekg ➥ Ok.ru/islamonlinekgz 🔘 Ватсапка катталуу үчүн: 📲 +996 703 667 418
    16 комментариев
    913 классов
    ✅ АРАКТЫН КЕСЕПЕТИ ТУУРАЛУУ ОКУЯ Абдурахман ибну Харис өзүнүн атасынан риваят кылган хадисте мындай дейт: «Мен Усман ибну Аффан, радыяллаху анху, мындай деп айтканын уктум: «Арактан алыс болгула. Анткени ал бардык ыплас иштердин башаты. Чындыгында, силерге чейин бир ибадатчыл киши жашап өткөн. Ал кишини күнөөгө баткан бир аял сүйүп калат. Бир күнү ал аял өзүнүн күңүн ибадатчыл кишиге жиберет. Ал күң кыз келип: «Сизди бир ишке күбөгө өтүп коюңузду өтүнөбүз» – деп чакырат. Ал киши күң кыз менен кошо (аялдын үйүнө) жөнөйт. (Аялдын үйүнө келишкенден кийин) ал киши ар бир эшиктен кирген сайын күң кыз анын аркасынан эшиктерди жаап баштайт. Ошентип бир чырайлуу аял отурган бөлмөгө келишет. Ал аялдын жанында бир кул бала жана бир чоң идиште арак турган болот. Ошондо аял: «Аллах менен касам ичемин! Чындыгында, мен сени күбөгө өтүүң үчүн чакырган жокмун. Мен сени мени менен зына кылууң үчүн же ушул арактан бир чыны ичишиң үчүн же ушул баланы өлтүрүшүң үчүн чакырдым» – деп айтат. (Башка жол менен кутула албасын билип) ал киши: «Мага ушул арактан бир чыны куюп бер» – деп айтат. Аял макул болуп кишиге бир чыны арак берет. Ал киши бир аздан кийин: «Дагы куйгула» – деп сурайт. Ошентип ал киши аракты иче берип, аягында баягы аял менен да зына кылат, кул баланы да өлтүрөт. Ошондуктан арактан алыс болгула. Аллах менен касам ичемин! Чындыгында, ыймандуулук менен аракка берилүү (адамдын жүрөгүндө) бирге боло албайт. Же ыймандуулук аракка болгон берилүүнү (жүрөктөн) чыгарат же аракка болгон берилүү (жүрөктөн) ыймандуулукту чагарат». (Насаи) Имам Табарани «аль-Аусат» китебинде риваят кылат. Абдуллах ибну Умар, радыяллаху анху, айтат: «Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, дүйнөдөн өтүп кеткенден кийин, бир күнү Абу Бакр ас-Сыддык, Умар ибну аль-Хаттаб жана Аллахтын Элчисинин сахабаларынан кээ бир адамдар отурушуп, эң чоң күнөө жөнүндө сүйлөшүштү. Алар ал маселеде бир сөзгө келе алышпай мени Абдуллах ибну Амр ибну аль-Аас, радыяллаху анхуга, барып ошол маселе туурасында сурап келүүм үчүн жиберишти. Ал мага эң чоң күнөө арак ичүү экенин билдирди. Мен аларга келип Абдуллах ибну Амр айтканды айтып бердим. Алар анын айтканына ишенбей баары тең ага барышат. Ошондо ал Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, мындай деп айткандыгы туурасында кабар берди: «Бану Исраил коомунан болгон бир падыша бир кишини арак ичүү же бир баланы өлтүрүү же зына кылуу же чочконун этин жегендин арасынан бирөөнү тандоого мажбурлайт. А эгер баш тартса, өлтүрүүсүн айтат. Ал киши арак ичүүнү тандайт. Ал киши арак ичкенден кийин өзүнө ээлик кыла албай андан падыша талап кылган нерселердин баарын тең аткарат». Ошондо Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, бизге мындай деп айтты: «Ким гана аракты ичпесин, анын намазы кырк түн кабыл болбойт. Жана табарсыгында арактан бир нерсе калган абалда өлүп кала турган болсо, анда ага бейиш арам болот. Ал эми кырк түн ичинде өлүп калса, анда жахилият өлүмү менен өлгөн болот». (Табарани «аль-Аусат», 1/116) 🔴 ХАДИСТЕН АЛЫНГАН ПАЙДАЛАР 1. Арактын күнөөсүн баяндоо. Жана аны ичкенден кийин артынан кандай күнөөлөр ээрчип кетишин баяндоо. 2. Бузуку адамдардын түз жолдо жүргөн адамдарды адаштырууга жана ыплас иштерге, күнөөлөргө түртүүгө болгон аракетин кылышат. 3. Мусулман адам бузуку адамдардын тузагына түшүп калуудан дайыма этият болушу керек. 4. Мусулман адам окуяда болгон сыяктуу абалдарда Раббисинен жардам тилеп, кандай болсо да кутулууга аракет кылышы керек. Жада калса, өлүм алдында турса да кутулуусу керек. Бул сыяктуу абалда мусулман адам үчүн өлүм артыгыраак. 5. Бану Исраил коомуна да арак, зына, чочконун эти арам болгон. ✍🏼 Касиет Кенжебек уулу ▁▁▁▁▁▁▁▁▁▁▁▁▁▁ ☑ ИсламОнлайнKG ➥ Facebook.com/islamonlinekg ➥ Instagram.com/islamonlinekg ➥ Ok.ru/islamonlinekgz ➥ t.me/islamonlinekg 🔘 WhatsApp группасына катталуу: 📲 https://api.whatsapp.com/send?phone=996703667418 ▶ YouTube каналына катталуу: https://www.youtube.com/channel/UCCX84TvZuq9fyP7Rq5RKBkA
    5 комментариев
    368 классов
    6 комментариев
    198 классов
    3 комментария
    247 классов
    3 комментария
    159 классов
    СЕН АКЫРКЫ ЖОЛУ ТАХАЖУД НАМАЗЫН КАЧАН ОКУДУҢ ЭЛЕ? Чындыгында тахажуд намазы – Аллахтын алдында эң жакшы ибадаттардын бири. Эгерде кимде-ким тахажуд намазын дайыма аткарып жүргөн болсо, анда анын жүрөгү бейпилдикке бөлөнүп, чексиз соопторго ээ болуп жана көптөгөн жакшылыктарга жетет. Түн ичинде пенде Жаратуучусунан жалынып-жалбарып, кылган күнөөлөрүнө кечирим сурап жана акыр кыяматта бейишке киргизүүсүн үмүт кылат. ТАХАЖУД НАМАЗЫНЫН ӨКҮМҮ Ислам аалымдары тахажуд намазынын өкүмүн нафил намазынын катарына кошушту. Эгер аны окубай таштаган болсо, анда күнөөкөр болбойт. Бирок ошону менен биргеликте көп убакытка таштап коюу туура эмес. Себеби тахажуд намазы туурасында ыйык Куранда жана Пайгамбардын хадистеринде, момун мусулмандар үчүн өтө маанилүү экендиги эскертилген. Аллах Таала айтты: “Эй, кийимине оронуп алган! Түндөрдү ибадат менен өткөр да, бир аз бөлүгүн уйкуга бөл. Жарымын, же андан да бир аз кемит. Ага кошуп кырааты менен Куран оку . Жакында биз сага салмактуу сөз түшүрөбүз”. (Муззаммил сүрөөсү, 1-5 аяттар) Сахабалар айтышкан: Пайгамбар, салаллаху алейх салламга бул аяттары түшкөндөн баштап эч бир күндүн тахажуд намазын калтырган эмес. Аиша энебиз айтат: “Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, тахажуд намазына ушунчалык көп турганынан анын буттары жарылып кетчү эле. Мен айттым, Оо, Аллахтын Элчиси! Жаныңызды неге мынча кыйнайсыз, Аллах Таала сиздин болуп өткөн жана келечектеги күнөөлөрүңүздү кечирдиго десем, Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты: “Оо, Аиша! Аллах Таала менин болуп өткөн жана келечектеги боло турган күнөөлөрүмдү кечирсе, анда мен Аллах Таалага шүгүр этүүчү пенделерден болбоймунбу!?”. (Бухари) ТАХАЖУД НАМАЗЫНЫН ПАЗИЛЕТТЕРИ 1. Чындыгында тахажуд намазынын пайдасы бул дүйнөдө да жана акыр кыяматта да өтө көп. Ал эми бизге эң маанилүү болгон пайдасы, акыр кыяматта бейишке кирүүгө себеп болот. 2. Тахажуд намазын окуган адамдын ыйманына ыйман кошулуп, жүрөгү тынчтыкка бөлөнүп, жүзү нурлуу болот. 3. Күнөөлөрдөн арылууга себеп болот. Аллах таала айтты: “Чындыгында намаз бузукулук жана күнөө иштерден тосот. Аллахты эстөө эң улук нерсе. Аллах силердин эмне кылып жатканыңарды билип турат”. (Анкабут сүрөөсү, 45-аят) Ибну Хааж айтты: “Катуу шамал теректин куураган жалбырагын учуруп кетирген сыяктуу, Тахажуд намазы да адамдын күнөөсү учуруп кетирет”. 4. Кабырдын нурлуу болуусуна, жалкоолуктун кетүүсүнө жана ошол күнү сергек болууга себеп болот. Абу Хурайра, радыяллаху анхудан риваят, Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты: “Уктаган кезде шайтан ар бир адамдын желкесине үч түйүн түйөт. Ар бир түйүндү уруп “Түнүң узун, бир аз уктай тур”- дейт. Эгерде ал ойгонуп Аллахты эстесе, биринчи түйүн чечилет; Даарат алса, экинчи түйүн чечилет; Намаз окуса, үчүнчү түйүн чечилет жана ал өзүн сергек, жайдаары сезет. А эгер мындай кылбаса, анда ал эч нерсени жактырбай, шалдырап турат”. (Сахих алъ-Бухари) 5. Ырыскынын көбөйүшүнө себеп болот. Аалымдар айтышкан: “Төрт амалды кылыш менен ырыскы көбөйөт. Алар: Тахажуд намазын окуу. таң алдында Аллахтан кечирим сурап, истигфар айтуу. Чын ыкластуулук менен садака берүү жана күн чыккандан күн батканга чейин Аллахты эстеп жүрүү”. Аллах таала айтты: «Алар түндөсү аз гана убакыт укташат». Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, айтты: “Оо, адамдар! Бири-бириңерге саламыңарды көбөйткүлө, кедейлерди тамак-аш менен тойундургула жана адамдар уктап жатканда түнкү намаз окугула. Мына ошондо силер үчүн даярдалган бейишке тынчтык менен киресиңер”. Эгерде бир мусулман эринбестен түндүн үчтөн бир бөлүгүндө жылуу төшөктөн туруп, эки рекет намаз окуп, алаканын жайып: “Оо, Алллахым! Менин билип билбей кылган күнөөлөрүмдү кечир, эки дүйнөдө бактылуу кыл, акыр кыяматта тозок отунан сакта, пайгамбарлар менен бирге Фирдаус бейишиңе чыгара көр”-деп, көзүнө жаш алып, чын ыкластан Аллахтан жалынып жалбарып суранса, анда Аллах сөзсүз түрдө дубасын кабыл кылат. Оо, мусулман бир тууганым! Сурагың жеңил болуп, кабырыңдын ичи нурлуу болууну, чагылгандын чарт эткениндей ылдамдыкта Сырат көпүрөдөн өтүүнү, кыяматтагы караңгылыкта жүзүңдөн нур чачырап күндөн нурлуу болууну, амал китебинди сол тарабыңан бербестен оң колуң белек кылып берилүүнү кааласаң, анда сен тахажуд намазын бүгүндөн баштагын. АТКАРЫЛА ТУРГАН УБАКТЫСЫ Көпчүлүк аалымдардын пикиринде тахажуд намазынын убагы, куптан намазынан кйиин башталат. Ал эми бүтөр убагы, багымдат намазы башталганда бүтөт деп айтылат. Кимде-ким ушул убакыттардын ичинде тахажуд намазын окуган болсо, анда ал көптөгөн соопторго ээ болот. ТАХАЖУД НАМАЗЫНЫН ОКУЛУШУ Тахажуд намазын окуй турган адам үчүн, эки рекет менен баштоосу мустахаб амалдардан болуп саналат. Аиша энебиз радыяллаху анха, айтты: “Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, тахажуд намазын окуу үчүн турганда, алгычкы эки рекетин кыска сүрөөлөр баштайт эле”. Кийинки рекеттеринде ар бир адам өзүнүн кудрети жетишинче окуй берсе болот. Мисалы: 2 же 4 рекет, же 6, 8, 10, 12, 14 рекеттерине чейин окуса болот. Эгерде адамдын алы жетсе, анда мындан да көбүрөөк кылып окуса болот. Тахажуд намазын окуп бүтүп акырында витир намазы менен бүтүрөт. НАМАЗ ИЧИНДЕГИ МУСТАХАБ АМАЛДАР 1⃣ Эки рекеттен бөлүп- бөлүп окуу. 2⃣ Кунут дубасын узартып окуу. 3⃣ Сажда рүкүлөрүндө узак туруу. 4⃣ Үнүн чыгарып окуусу же болбосо жарыя менен купуянын ортосунда окуу. ТАХАЖУД НАМАЗЫН АТКАРУУГА ТҮРТКҮ БОЛГОН СЕБЕПТЕР 1⃣ Жатаарда суусундук ичүүнү жана тамак жегенди азайтуу керек. 2⃣ Күндүз пайдасыз нерселер менен алектенип, өзүн өзү чарчатып албашы керек. 3⃣ Күнөөлөрдөн алыс болуу керек, себеби күнөөнүн үстүндө жүргөн адам эч убакта тахажуд намазына тура албайт. 4⃣Түштө бир аз уктап алуу тахажуд намазына турганга жардам берет. ✍🏻 Зейд Зулкарнайн уулу _______ ©ИсламОнлайнKg – Ok.ru/islamonlinekgz – Facebook.com/islamonlinekg – Instagram.com/islamonlinekg
    59 комментариев
    1.5K классов
    ТААСИРДҮҮ ЫР Калыгул Бай уулу (1785-ж.) ⠀ Батасыз калаар элиңер, Балыксыз калаар көлүңөр. Корголсуз калаар корооңор, Кол сунбас жолдош-жороңор. ⠀ Ичегиң калар ичкерип, Ийгилик тураар кеч келип. Санаасы бузук эл келээр, Салт-санаа айткан тергелээр. ⠀ Жегени таза жерилээр, Жериңди четтен кемирээр. Учкундан мурун өрт кетээр, Улуудан каада-салт кетээр. ⠀ Казанга салбай аш бышаар, Кагазсыз элиң кат жазаар. Ширеңке чакпай от жагаар, Шилбилүү төрүң бош калаар. ⠀ Тоолоруң калар топусуз, Сок билек калар сокусуз. Үйлөрүң болоор үч кабат, Эшигиң болоор беш кабат. ⠀ Көңүлүң өргүп тынч албас, Өксүсөң эч ким кылчайбас. Түбөлүк көрөєр, жашоосун, Түз жолго салбас азоосун. ⠀ Тыя албай калар катынын, Каттабай калаар жакының. Тең ата болоор жаш-кары, Тебилип калаар баштагы. ⠀ Уят деп айтсаң күлүшөөр, Улуулук наркы чүрүшөөр. Казына башчың шум болоор. Кагаздай аппак ун болоор. ⠀ Чегиртке басаар жериңди, Чет жерлик табаар эбиңди. Куюгаар журтуң адашып, Кул-кутан бийлик талашып. ⠀ Кылычың ташка чабылаар, Кытайлар каптап жабылаар. Саламын айтаар ийилип, Саадагын жонго түйүнүп. ⠀ Аралай чабаар элиңди, Акырын бузаар тегиңди. Алгоолоп жүрүп жол салаар, Ары тур, десең кол салаар. ⠀ Жараксыз келип багынтаар, Жарлыгын төшкө тагынтаар. Жараткан Теңир кайда?- деп, Жасалма бутка табынтаар. ⠀ Карагай-кайың кыйылаар, Качанкы демиң тыйылаар, Калпагың башка кийе албай, Кайран журт ташка сыйынаар. ⠀ Кашыкка сузган кант берээр, Кантына кошуп дарт берээр, Капарсыз жүргөн күнүңдө, Карт кытай бир күн мант берээр. ⠀ Тоңдурбас кышта тон берээр, Тонуна ороп шор берээр. Тоо-ташың басып алганга, Тоң кыргыз колго оң келээр. ⠀ Чочконун майын эритээр, Чокунтпай туруп жегизээр. Чочунбай бирге бололу, Чогуу өскөн элбиз, дегизээр. ⠀ Кадуулап алтын табышаар, Каймагын калпып алышаар, Канатташ элбиз баштан деп, Калп эле тилин жагызаар. ⠀ Кылтылдап кирер койнуңа, Кылтагын илер мойнуңа. Кызыкпа, журтум, кызыкпа, Кытайдын кытмыр ойнуна. ⠀ Ашың жок болсо, ачка бол, Алдыңдан изде башка жол. Алданбай кара курсакка, Ачылбай турган капка бол. ⠀ Кытайдын айттык баянын, Кылыгын журтка жаямын. Кылычсыз калбай кырылып, Кылымдын көргүн аягын. Кыргызым уккун ойгонуп, Кызырдын берген аянын. ⠀ ➡️ @islamonlinekg ➡️ @islamonlinekg
    10 комментариев
    445 классов
    БАЛА ТАРБИЯЛООДО АТА-ЭНЕНИН МИЛДЕТТЕРИ КИРИШ СӨЗ Мээримдүү жана Ырайымдуу Аллахтын ысымы менен баштаймын! Эң алгач, ааламдардын Жаратуучусу, ырыскы Берүүчүсү жана аны көзөмөлдөп Башкаруучу – Аллах Таалага алкыш-мактоолор болсун. Анын Элчиси жана Пайгамбары Мухаммадка Аллахтын салам-салаваттары болсун. Ошондой эле Пайгамбардын үй-бүлөсүнөн, сахабаларынан жана кыяматка чейин акыйкат жолдо аларга ээрчигендерден Аллах Таала ыраазы болсун. Үй-бүлө – коомдун бир бөлүкчөсү болуп саналат. Ошондуктан коом мына ушул үй-бүлөлөрдөн куралат. Үй-бүлөдө канчалык ынтымак болсо, анда коомдо да ошончолук биримдик күчөйт. Үй-бүлөдө балдарга берилген туура тарбия – коомдогу биримдикти күчөтөт. Ал эми үй-бүлөдөгү тарбиянын начар болуусу коомдун өнүгүшүнө жолтоо болот. Мына ошондуктан катардагы бир үй-бүлөдө болгон көйгөй бүт коомчулуктун да көйгөйү болот. Үй-бүлөдө балдардын тарбиясына кош көңүл мамиле кылынса, анда алардын тарбиясыз чоңоюшуна жол ачылат. Ошондуктан коомдун өзөгү болгон үй-бүлөнү бекемдөө үчүн таалим-тарбияга терең көңүл бөлүү зарыл. БАЛА ТАРБИЯЛООНУУ БАШТОО УБАКТЫСЫ Баланы тарбиялоо – үй-бүлө куруудан мурун башталат. Үй-бүлө курууда эркек да, аял да ыйманына карап жубай тандап, баш кошушса, анда алар бала тарбиялоодо эң негизги шартты аткарган болот. Мисалга алып айтсак, үй-бүлө жер сыяктуу. Жерден мөмөлүү дарактар өсүп чыккандай эле үй-бүлөдөн да келечекти куруучу балдар пайда болот. Эгерде үй-бүлөдө баланын тарбиясына терең көңүл бурулуп, туура багыт берилсе, анда бала мөмөлөгөн дарактай түшүм берет. А эгер балага тарбия берүүгө кош көңүл мамиле кылынса, анда куураган дарак түшүм бербеген сыяктуу, бала да тарбиясыз болуп чоңоёт. БАЛА ТАРБИЯЛООДО АТА-ЭНЕНИН ОРДУ Таалим-тарбия берүүдө ата-эне негизги ролду ойнойт. Анткени ата-эне – үй-бүлөнүн эң негизги устуну. Эгерде бул эки устун бекем болсо, анда үй-бүлө да бекем болот. Мына ушундай бекем үй-бүлөдөн ыймандуу, адеп-ахлактуу балдар чыгат. Ислам дининде бала тарбиялоодо ата-эненин милдеттери жана жоопкерчиликтери өтө көп. Үй-бүлөдө ата-эне балдарына тарбия берүүдө аларды уул-кыз дебей, улуу-кичүү дебей ар бирине бирдей көңүл бөлүп тарбиялоосу зарыл. “Балапан уядан эмнени көрсө, учканда ошону алат” дегендей балдар таалим-тарбияны эң биринчи ата-энеден гана алат. Үй-бүлө өзүнчө бир чоң аалам. Ошол ааламдын ичинде тарбия алган бала коом менен толук аралашпай туруп, коомдогу өз ордун табат жана келечегине даярданат. Кайсы гана бала болбосун ал коомго толук аралашуудан мурда ата-энесинен гана тарбия алат. Андан соң ал коомго аралашып баштаганда гана сырттан да тарбия алат. Баланын жекече ой-жүгүртүүсүнө, жашоодо туткан жолуна жана эл менен аралашуусуна ата-эне жоопкер. Ата-эне балага башынан туура багыт берсе, анда ал келечекте туура багыт алат. А эгер балага туура эмес багыт көргөзсө, анда ал сөзсүз адашат. Ошол себептүү бала – ата-энесинин дининде болот деп айтылган. Пайгамбарыбыз Мухаммад, саллаллаху алейхи уа саллам, айткан: كل مولود يولد على الفطرة فأبواه يهودانه أو ينصرانه أو يمجسانه «Ар бир наристе таза табиятта төрөлөт. Кийин аны ата-энеси яхудий кылат, же христиан кылат, же мажусий кылат». Пайгамбарыбыздын бул хадиси – бала тарбиялоодо ата-эненин таасири өтө чоң экендигине ачык далил. Баланын кулк-мүнөзүнө, аң-сезимине анын ата-энеси чоң таасир берет. Анткени бала эң биринчи ата-эненин кол астында чоңоёт. Дүйнөнү ата-энеси аркылуу тааныйт. Ата-эненин кулк-мүнөзү, ишеними акырындык менен балага өтөт. Ислам дини балдарга тарбия берүүгө терең көңүл бөлөт. Анткени жакшы таалим-тарбия берүү баланы тууралыкка, кулк-мүнөздүүлүккө багыттайт. Ошентип балага тарбия берүүгө терең көңүл бөлүү жана көзөмөл кылуу менен коомдо сапаттуу үй-бүлөлөр курулат. Санжарбек Тыныбек уулу _______ ©ИсламОнлайнKg – Ok.ru/islamonlinekgz – Facebook.com/islamonlinekg – Instagram.com/islamonlinekg
    20 комментариев
    942 класса
    ❇ ОРОЗО КАРМООНУН АДЕПТЕРИ (1- бөлүм) ✍Умар Абдиламит уулу 1⃣ЖАҢЫРГАН АЙДЫ КӨРГӨНДӨ ДУБАСЫН АЙТУУ Ибну Умар, радыяллаху анху, айтты: «Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, жаңырган айды көргөндө мындай деп дуба кылат эле: «АЛЛАХУ АКБАР, АЛЛАХУММА АХИЛЛАХУ АЛАЙНА БИЛ-АМНИ УАЛ-ИЙМАНИ УАССАЛААМИ УАЛ ИСЛААМИ УАТТАУФИИКИ ЛИМАА ЮХИББУ РОББУНА УА ЯРДОО РОББУНА УА РОББУКА АЛЛАХ». (Аддарими, 1687) 2⃣ ЧЫН ЫКЛАС МЕНЕН ОРОЗО КАРМОО Абу Хурайра, радыяллаху анху, риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси, саллалаху алейхи уа саллам, мындай деп айтты: «Кимде-ким Рамазан айында (орозонун парз экенине) ыйман келтирип жана сообун үмүт кылып орозо кармаса, анда анын өткөн күнөөлөрү кечирилет». (Бухари, 28) 3⃣ ПАРЗ ОРОЗО КАРМОО ҮЧҮН ТҮНҮ НИЕТ КЫЛУУ Хафса, радыяллаху анха, айтты: «Кимде-ким таң атаардан алдын (парз орозо кармоого) ниет кылбаса орозосу кабыл болбойт». (Насаи) 4⃣ РАМАЗАН АЙЫНДА САДАКА БЕРҮҮНҮ КӨБӨЙТҮҮ Ибну Аббас, радыяллаху анху, айтты: «Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, адамдардын эң берешени болгон. Рамазан айында Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа салламга, Жебреил периште түшкөн кезде берешендиги дагы да күчөгөн. Жебреил периште Рамазан айында ар бир түнү Пайгамбарыбызга түшүп Куранды үйрөтөт эле. Себеби Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, жакшылык кылууда катуулап соккон жел сыяктуу өтө берешен болчу». (Бухари, 1902) 5⃣ОРОЗО КАРМАГАН АДАМ СӨГҮШ УКСА «МЕН ОРОЗОМУН» ДЕП АЙТСЫН Абу Хурайра, радыяллаху анху, риваят кылган хадисте Аллахтын Элчиси, саллаллаху алейхи уа саллам, мындай деп айтты: «Аллах айтты: «Орозодон башка бардык адам баласынын иш-аракеттери өзү үчүн болот. Ал эми анын орозосу Мен үчүн. Анын сообун Мен гана беремин. Орозо бул – (күнөөдөн тосуучу) калкан. Силердин бириңер орозо кармаган күнү жаман сөз сүйлөбөсүн жана үнүн көтөрбөсүн! Эгерде кимдир бирөө аны тилдесе же урушса «мен орозомун» деп айтсын. Мухаммаддын жаны Анын колунда болгон Затка ант болсун! Орозо кармаган адамдын оозунан чыккан жыт Аллахтын алдында атырдын жытынан да жыттуу. Орозо кармаган адам эки кубаныч менен кубанат. Ооз ачканда кубанат жана Раббисине жолукуканда кармаган орозосу үчүн кубанат». (Бухари, 1975) ▁▁▁▁▁▁▁▁▁▁▁▁▁▁ ☑ ИсламОнлайнKG ➥ Facebook.com/islamonlinekg ➥ Instagram.com/islamonlinekg ➥ Ok.ru/islamonlinekgz ➥ t.me/islamonlinekg 🔘 WhatsApp группасына катталуу: https://chat.whatsapp.com/Knp6mLj0K4sGLK6Mb27Hm4 ▶ YouTube каналына катталуу: https://www.youtube.com/channel/UC3VltXW530pYZEXXNN1P3Kw/featured
    1 комментарий
    211 классов
    2 комментария
    382 класса
440798237147

Семья Агаевых

Добавила фото в альбом

Читать дальше
Скрыть описание
440798237147

Семья Агаевых

Добавила фото в альбом

Читать дальше
Скрыть описание
440798237147

Семья Агаевых

Добавила фото в альбом

Читать дальше
Скрыть описание
440798237147

Семья Агаевых

Добавила фото в альбом

Читать дальше
Скрыть описание
440798237147

Семья Агаевых

Добавила фото в альбом

Читать дальше
Скрыть описание
Показать ещё