Кошуна жашаган эки кыз эс тарткандан бирге ойноп бирге чоңоюшуптур. Биринчи кыздын апасы күндүр түндүр 2 иште иштеп жанталашып акча таап тапканын балдарынын оозуна тутуп, таттуу алып келсе баарын балдарына берип ичиндирип кийиндирип өзү тоё тамак жебей, балдарын жумуш жасатпай аяп үй жумуштарынын баарын бүтүрүп жаңы нерсе алып кийинбей жүрчү экен.
Экинчи кыздын апасы бир иште гана иштеп, жумуштан келген соң балдары менен чогуу чай ичип "балдарым мен бир аз эс алып алайын ызылдап тынчымды албай тургула, туура түшүнгүлө силерге келечекте дени сак кайраттуу эне керек да" - деп убагы менен эс алып жүрчү экен, алып келген таттуусун тең экиге бөлүп жарымын өзү жеп жарымын балдарына бөлүп бе