КУРМАНБЕК БАКИЕВДИН КИТЕБИНЕН
Роза Отунбаева – бүлүнткүчөрдүн ичиндеги аялдан чыккан өзгөчө бир
түрү. Аял менин түшүнүгүмдө дайыма жаратмандык, сүйүү, акылмандык
менен ассоциацияланып келген. Бирок, дал ушул Отунбаева мен үчүн ушак-
айыңдарга, чыр-чатактарга байланыштуу бардык терс сапаттар жыйылган,
адамдагы эң эле жаман сапат – сатып кетүүчүлүктүн үлгүсү катары туюлат.
Сөз бир гана мени сатып кеткендиги жөнүндө болуп жаткан жок. Бул айым
үчүн эч кандай моралдык тоскоолдуктар жок. Эгерде олуттуу колдоосу жок
болсо, эч качан жете албай турган ушундай бийиктикке чейин өзүн көтөрүп
чыккандардын баарын ал оңой эле сатып кетти: Акаевди, Айтматовду, Ше-
варднадзени жана алардын катарында мени д