*Токойдун аңчылар өтчү жолунда көзү азиз акылман бир адам дайыма аңчылардан шыбага күтүп үмүт менен олтурчу дейт.
Бир күнү падыша желдеттери менен аң уулоого чыгат. Падышанын минген аты ашкере күлүк болгондуктан калың токойдо алыска кетип арттагы колунан адашып калат. Желдеттер жан алы калбай падышасын издеп жүрөт экен…
Бир кезде желдеттердин бири жол боюнда олтурган азиз акылманды көрө салып падыша жайын сурайт.
“Жо-ок тууган, жаныман жан адам өткөнү жок”-дейт акылман.
Көп өтпөй жүз башы келет да падышаны көрдүңбү дейт. Эч кимди көрбөгөнүн айтат акылман. Андан соң миң башы келет да дагы сурайт: “Падышабыз адашты, билдиңизби?” дейт. “Билгеним жок” дейт акылман. Эч ким таппайт.
Акыры