Жаз келди,жашоомдогу дагы бир жаз,
Жаз келди,суугу коп,жылымы аз.
Жаз келди,кубалап картан кышты,
Жашоомдон кемип калды,дагы бир жаш.
Жаз келди,умут артып,кыял козгоп,
Жаз келди,муздар эрип,кетип тонгок.
Жаз келди,бирок кутсом келбей калды,
Жаштыгым,тээ алыска кеткен ойноп.
Жаз келди,умутторго себеп болуп,
Жаз келди,тамчы сууга челек толуп.
Жаратылыш ызгаар сууктан тажаганда,
Жаз келди,Жараткандан белек болуп.
Жаз сонун,жаз башкача,жаз керемет,
Жаз жонундо жаза берсе болоор китеп.
Жаз менен жаныланып,арууланып,
Жашарып,бала болгум келип кетет.
Кубантып,конулумду кокко тенеп,
Кудундап,курган журок элеп,желеп.
Кумсарган,кунары жок,корксуз омур,
Кулпунуп,гулго айланат,озун себеп.
Жалындап,бир кездеги жаз кезимдей,
Жадырап,кулкум чыгып,ээ жаа бербей.
Жашоо чиркин,жалан гана гул корунуп,
Жашарамын,карылыка тизгин бербей.
Умуттун,узулбогон жиби сенде,
Уйрулуп,мээрим толгон суйуу сенде.
Устунон жугу алынган жандай болуп,
Ушкуруп,женилдеймин,коргон кезде.
Баарынын,убагы бар,келуучу саат,
Булбулдун да,мезгил келсе,уну катат.
Баары озгорот,аа бирок ушул сезим,
Баш бербейт го,башым менен кошо жатат.