ЧАЛКАН КОП ООРУЛАРГА ДАРЫ БОЛУП, ЧАЧТЫН ТУШУУСУН ТОКТОТОТ
Чалкан ондогон ооруга даба болуп эсептелет. Ал эми жазында даяр витаминдин ордун алмаштыра алат.
Чалкандын дарылык касиети. Курамы пайдалуу заттарга бай. Тактап айтсак, К, С витаминдери, каротин (табигый пигмент), темир тузу, калий, кальций, күкүрт, кант, белок бар.
Колдонулушу. Чалкан кандын уюу деңгээлин жогорулатып, гемоглобиндин санын көбөйтөт жана кандагы кантты азайтат. Мындан тышкары заара кубалоочу, жараны бат айыктыруучу, организмди чыңдоочу касиетке ээ. Кан агууну токтотууда, анемияда, атеросклероздо, бөйрөк, табарсык, боор, өт ооруларында, геморройдо, кургак учукта колдонулат.
Жүрөктүн жакшы иштеши үчүн чалкандын кайнатм