АК ЖҮЗ ААРЧЫ
Ирсалат Акпарова
8- БӨЛҮМ
Самолёт улам көтөрүлгөн сайын мени кыйнаган көйгөйлөр Москвада калып калгандай сезилди. Рейс түнү учканы үчүн балдар чарчаган окшойт, бат эле уктап калышты. Эмне үчүн кечигип калгандарын сурамакчы болдум эле. Балдардын айылга барышы тууралуу Сезим билгенин Элдияр бир жолу телефондо айткан.
Көп саатык учуу менен таңга убак жерге кондук. Аэропорттон ары таксиге отуруп, туулган айылыма жол тарттык.
Убакыт зымыраган куш экен, туулуп өскөн айылымды көрбөгөнүмө көп жыл болуптур. Турмуш кандай татаал тиричилик деп кайда гана барбайсын. Жашоонун мыйзамы ушундай экен,, жашоо үчүн күрөшүүгө жердин кайсы жери болбосун и
АК ЖҮЗ ААРЧЫ
7- БӨЛҮМ
Менден башка бир туугандарым апамды ойлоп да коюшпайт. Мирбек өтүп кеткенден бери "үйгө кетпей жатасын, качан кетесин?" дей беришти туугандарым. "Апам силердин дагы апаңар болот, эмнеге өзүңөр барбайсыңар?" десем: "Үйдүн кичинеси сенсин, сен карашың керек," - деп өзөгүңдү өрттөшөт. Кетейин деген сайын ойлогон ойлорум орундалбай келет.
Күндөрдүн өтүшү менен директорум да арызыма кол койбой жатты. Телефонума келген СМСтен улам катты ачып окудум: "Байке, маянасы жакшы иш дедиңиз эле, ошондой иш чыгып калды. Кааласаңыз келсеңиз, ошол жумушка жиберейин" деп жазылган экен. Визиткадагы жазылган даректи издеп Адинайга бардым.
- Саламатсыңбы Адинай?
- Оой бай
Привет! Приглашаю вас в BakAi - самый удобный мобильный банкинг. Скачайте приложение прямо сейчас, и получите бонус в размере 100 сомов по акции
Переходите на BakAi
Салам! Сизди BakAi'га - эң ыңгайлуу мобилдик банкингге чакырам. Тиркемени азыр жүктөп алып, акция боюнча 100 сом бонус алыңыз!
BakAi'га өтүңүз
https://ref.bakai.kg/fxxcLSzmlJb
АК ЖҮЗ ААРЧЫ
6- БӨЛҮМ
Телефонду коюп, дүйнөм карангы болуп кетти. Бир жактан апамды ойлосом, бир жактан үй-бүлөөмдү ойлоп, үйгө батпай калдым. Сыртка чыгып учу- кыйрына көз жетпес алыс жакка кетким келди.
Эмне кылайын, балким маңдайыма ушуну жазгандыр? Бир гана ичим ачышкан жери, ушунча жыл үй-бүлөөм үчүн кылган аракетимдин баары текке кеткени болду. Айтат го, боорукер адам көп жапа чегет деп, мен ушул сөзгө ишендим.
Кичинекей кезимден тартып боорукер болдум, ушул сапатым менен көп кыйналдым. Агаларым, иним турса дагы, апамды ойлогон жалгыз мен болдум. Жакшы тилегим бар эле, балдарымды алып айылга кетемин деген. Бул жакшы тилектеримдин баарын таш капты.
АК ЖУЗ ААРЧЫ
5- БӨЛҮМ
Алыс жакта жаныңда жакындарың жок болсо, үй-бүлөөңө жоопкерчилигиң чоң болот экен. Менин оюмда балдарымды татыктуу тарбиялап, аларга жакшы билим берип эрезеге жеткирүү эле. Балдарымдын биринин артынан бири өсүп жатканын көрүп кубанып кетем.
Сезим баарына жоопкерчиликтүү болгону менен акыркы кездерде өзгөрө баштады, айдоочулук курсту бүтүп, балама деп алып берген унааны айдап алды. Жумушуна алыс болгону үчүн кыйналбасын деп унчукпай эле койдум.
Кичине нерсеге жини келип мени менен айтыша кетет. Анын мындай кылган мамилесин дем алышсыз иштеп жатканынан деп, ага каттуу айтпай жүрдүм.
Бир күнү жумуштан келсем, маанайы жа