Ак карлар жылдызчалар аппак дүйнө...
Ар дайым жашасак ээ ушул үйдө...
Ак сүйүү төгүп турган көздөрүңдү
Армансыз карар элем ээ күнүгө...
Шыбырап ...танда ойготсон эркелетип..
Кычырап ...кар дүйнөмдө барат ээрип...
Кышкы таң..кышкы кечте..кышкы түндө..
Кыялым алып учат сага ээлигип...
Кышкы таң..
Кофенин тамшандырган таттуу жыты..
Кар дүйнө ....кружкада сүрөт сонун
Шоколаддуу печеньенин таттуу даамы...
Ээрийт кар .. өпкүлөөдө сенин мойнун...
Кышкы күн..
Күн нуру жаркыратып айлананы..
Көз уялткан кардын аппак учкундары..
Түшкүгө сен жактырган ысык тамак...
Көздөрүн сулуу бөбөк уйкудагы...
Кышкы кеч....
Каминде жанган отко жылынабыз...
Карагат кошкон таттуу чай сунасыз...
Керемет сүйүү күүсү
Керемет бир сезим менен
Күткөн күндү көрбөй калдык экөөбүз
Ак көйнөкчөн
Кирбей калган биздин кыял үйүбүз
Дилим берип
Сүйгөн элем тилегиме жетпедим
Көрсө аттиң
Бир жактуу эле экен биздин сүйүүбүз..
Апапакай көйнөк кийип
Аруу дүйнө тартуулагым келчү эле
Кудайым да
Көктөн карап бизге бата берчү эле
Чечкинсизим
Өйдө төмөн оома кыял тентегим
Айтчы деги
Ортобузда кимден ката кетти эле...
Кыялымда
Кийбей калган көйнөк кирет түшүмө
Кыштын узун
Түндөрүндө уйку келбейт кээ күндө
Мезгил чыйыр
Салган сайын карылыкка акырын
Ак көйнөкчөн
Аруу болуп кетким келет өткөнгө...
БАКЫТЫМ МЕНИН ДАРЕГИН БАР ....БАРА АЛБАЙМ
Сапаш....