Бугун кечте телефонун шынгырайт,
Алоо,ким бул?тутканы сен аласың.
Ары жактан көпкө жери унчукпай,
Анан сүйлөйт,сыйрып жүрөк жарасын...
Сени суйом!.-конур үндүн добушу,
Дук-дук этет ,сенде жүрөк согушу...
-Адаштыныз ..кайра терип көрүңүз
-Аран берген, сиздин ага,жооп ушу...
Канча убакыт,турду тутка колунда..,
Билбей калдың,бүкүл тарых оюнда...
Кайда жүрдүң!..кечигип сен- дедин да
Азыр менин башкадан бар боюмда...
Тамчы жаштар,ылдый кулап,чачырап,
Сездиң андан,калганыңды ажырап...
Өкүнүп сен турдуң шондо сүйүү деп
Тийгенинди бирөө койсо каржылап...
Сүйүшкөндөр ,баары эле бир эмес,
Сүйүү деген ,кай бирине бир элес...
Жашырып мен,кайсынымды ичке катам, ...
Жай намаз жок, укпайт кулак таңда Азан.
Бир куноомдун аркасынан азгырылып,
Бир омурдо келе жатам, тартып жазам...
СҮЙДҮРӨМҮН
Жакшы көрөм,жактырамын,аябай,
Мүнөт сайын коё албаймын,самабай.
Сүйсөң боло,сен да мендей берилип,
Сезимимди туңгуюкка камабай...
Жактырамын ,жакшы көрөм,аябай,
Сүйдүм сени,эч нерсеге карабай.
Сен сүйбөсөң,сезимиме жооп кылып,
Кантип анан, жүрөк койсун,канабай?...
Жакшы көрдүм,жактырдым бул айымды,
Сөз табалбай келем ага ,дайындуу...
Бир өмүрдө,бир сүйүүнүн айынан,
Казып жатам, түбөлүктүү жайымды...
Сага жетпей,жумшак жүрөк,эзилди,
Сагыныпмын сенсиз жүргөн кезимди...
Болду жетет,токтотом да баарысын,
Мындан ары сүйүп жүрөм, өзүмдү...
Эстебейм деп,эми мерез сүйүүнү,
Эс-акылды, бийлеп турду, сүйүнүү...
Суйдуромун!- мен да сени карап тур,
Чечилгендей,махабаттын түйүнү...
Көң