Ар бир кыштын бир жазы, ар бир түндүн атар таңы бар...
Биз "Лейлек Жаштары" коомдук бирикмеси 2017-жылдын 12-февраль күнү "ЗИЛ" лыжа базасына барып, эс алып келдик. Биздин негизги максатыбыз - ынтымак, достук, биримдикти чыңдап, жети дубандын жаштарына алтын көпүрө болуу.
Таза абада эс алуу, маектешүү, карда ойноо - өзүнчө бир керемет. Бул иш-чарабызга көмөк көрсөткөн бирикме мүчөлөрүнө терең ыраазычылык билдиребиз.
Төмөндө иш-чарабыз боюнча фото-баян....