Урматтуу айымдар!
Сиздерди 8-Март – Аялдардын эл аралык күнү менен чын дилимден куттуктайм!
Уюткулуу кыргыз эли бекеринен “Бейиш эненин таман алдында” деген эмес. Айымдардын очок отун өчүрбөй сактоого, келечек муунду тарбиялоого, руханий, адеп-ахлактык жана маданий баалуулуктарды сактоого кошкон салымы зор.
Ошондой эле Кыргызстандын жаркын келечегин түзүүгө, элдин бакубат жашоосун камсыздоого багытталган зор милдеттерди жүзөгө ашырууда айымдардын орду эбегейсиз.
Жаркын маанай тартуулаган бул майрамда Сиздерге бекем ден-соолук, үй-бүлөлүк бакыт жана ийгилик каалайм! Ар бир күнүңүз бакыт, кубаныч менен коштолсун!
Майрамыңыздар менен!
АЖАЛДАН YЧ АДАМДЫ АЛЫП КАЛГАН АКЫЛДУУ АЯЛ
Бир падыша үч кылмышкерди абака камоого буйрук берди. Арадан бир нече күндөр өткөн соң аларга өлүм жазасы чыгарылды. Кылмышкерлерди өлтүрүү үчүн баш кесер желдет кылычын көтөрүп башын чабууга даярданып жаткан кезде, боздоп ыйлап жаткан аялдын үнү угулду. Падыша аялды чакыртып, эмне үчүн ыйлап жатасын? - деп сурады. Аял: "Бул үчөөсү менин жакын адамдарым, бирөөсү күйөөм, экинчиси уулум, үчүнчүсү бир тууганым. Көзүмдүн кареги болгон уулумдан, таянар тоом болгон күйөөмдөн, бир боорум болгон бир тууганымдан ажырап жатып кантип ыйлабай коё алам?"- деди. Көз жашын көл кылып боздоп ыйлап жаткан аялды көргөн падыша аялга боору ооруп: "Ушул аялдын урматы үч