Сүйдүм кызды "сүйөм.."-деген сөзүнөн.
Сүйдүм таттуу эриниден,көзүнөн.
Сүйүү деген сокур экен билбепмин.
Ал кыз бир аз чоң экен да өзүмөн.
Максат кылып эми турмуш курушту.
Ойлоп жашоо агымыны бурушту.
Мына эми үйлөнөбүз дегенде.
"Чоң экен.."- деп акам расса урушту.
Ошондуктан айтам шору каткандар.
Обед үчүн гөштү туурап жаткандар.
Алгач жашын..анан көзү,башыны.
Айландырыш керек катын тапкандар.
Мен киммин..? мен бир жүргон жамансары.
Үй курам..деп тешилген тамандары.
Байдыке акынга окшоп жазгым келип
Колумда койкондогон калем сабы.
*****
Мен киммин..? учениги Аликтердин.
Сен кимсиң..?.сразу эле Алик дедиң.
Кана эми мен да акын болуп калсам.
Ырларга кошуп алма бариктерин.
*****
Кыялым кызыгыраак..бойдокчулук.
Кыз-келин тийиш кылса ойноп турдук.
Кыйнасаң..кайра кайра гости болуп.
Текшерип жатат го..деп ойлоп турдук!
Сүйөт десе сүйүп апмын гальдирап.
Дирилдеген болуп алып жалбырак.
Энди мана кулга ошкоп калыпмын.
Шонун көзүн карап эле жалдырап.
Сүйүпмүн да гальдр болуп гаңгирап.
Тиктеселе бүт жанимди жандырат.
Ой жетет го колум жетпей күйдүрүп.
Талма кылып дароо эстен тандырат.
Сүйүпмүн да анашунтип жиндидей
Ал да шонтип секиин алдап мингидей.
Араңарда көзү ачыктар жок бекен.
Шунун жолун же дабаасын билгидей..?
Жарым болчу кучакта эркелеген.
"Жаным ии..туруңчу.."-деп эрте менен.
Жаз таңы..жаңы турмуш көздөй сени
Жаныңда мен болоюн... жетелеген..
*****
Жааса жаз жамгыры..калкалайын,
Жашоонун жүгүн өзүм аркалайын.
Жакшысы жаманы бар бул турмушта,
Жаманын жолдон тосуп талкалайын.
*****
Асмандан Айды алып бербесем да,
Алтынды күндө алып келбесем да.
Аярлап..аяганың.. болойун мен..
Акчаны баштык толо тербесем да.