Кызыма
Алладан тилеп чырагым
Атынды койдук Нурайым
Акылдуу кыз болсун Деп
Тиледим Кызым чырагым
Атына затын жарашып
Бой жеттин Кызым буралып
Апандын Берип Тилегин
Аткардын Кызым Тирегим
Ананайын нур Кызым
Асмандагы жылдызым
Алганын менен тен кары
Апандын ушул тилеги