«Келечекке жол» Элдик Кеңешинин Борбордук Штабынын Кыргызстандыктарга кайрылуусу.
Коронавирус илдети дүйнөнүн 135 мамлекетине жайылганы жалпыга белгилүү. Кудайга шүгүр, азырынча өлкөбүздө мындай илдет каттала элек. Элибиз бул апааттан аман-эсен чыгып кетсе чоң жетишкендик болот.
Президент, Өкмөт баштап бул илдеттин жайылып кетпеши үчүн аракеттерди көрүүдө, бирок коңшуна Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстандын кээ бир жарандарларынын ооруну жугузуп алууларына байланыштуу, Кыргызстандагы кээ бир адамдар паникага алдырып, элдин кээ бир бөлүгүн бүлүккө салып жатышы бизди түйшөлтөт.
Сууга сүзгөндү билген адам деле паникага алдырса, бир нерседен негизи жок корксо сууга чөгүп кетүү коркунучу